Ош шаарынан аралап өткөн Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жайгашкан курулмаларды, жер тилкелерди тактоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу комиссия түзүлдү.
Комиссиянын курамы:
— З.Б. Юсупов — Ош шаарынын мэринин орун басары, комиссиянын төрагасы;
— А. Каныбек уулу — Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары;
— Ы.К. Токоев — Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, комиссиянын катчысы (добуш берүүгө укугу жок).
Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү:
— К.К. Имарова — Ош шаарынын мэриясынын шааркуруу жана муниципалдык менчик бөлүмүн башчысы;
— У.С. Амалбеков — Ош шаарынын мэриясынын коргоо, коомдук тартипти сактоо, өзгөчө кырдаалдар жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
— О.А. Арзыкулов — Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу- кадрдык иштер жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
— А.Дуйшеналы кызы — Ош шаарынын мэриясынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы;
— Э.Т. Кармышаков — Ош шаарынын мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы;
— А.А. Пирматов — Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы;
— К.С. Шанаев — Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик
агенттигинин Ош филиалынын директорунун орун басары;
— А.А. Абылаев — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө
кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы;
— С.Ж. Абдраев — Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Ош аймактар аралык башкармалыгынын башчысы;
— Р. Суракматов — Ош шаары боюнча архитектура-курулуш контролдоо боюнча башкармалыгынын башчысы;
— Ж.М. Абышев — Ош шаары боюнча ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-
эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысы;
— Т. Мамашов — Кыргыз Репсубликасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын башчысы (макулдашуу менен);
— Р. Абибиллаев — Ош Башкы суу чарба башкармалыгынынын башчысы.
— Г. Мамасалиева-Ош шаарынын тургуну, жарандык активист (макулдашуу менен);
— Арген Нуров — эркин журналист (макулдашуу менен).
«Жумушчу комиссия тарабынан Ош шаарынан аралап өткөн Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жайгашкан курулмаларды, жер тилкелерди тактоо иштерин жана мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгы тууралуу маалымат даярдалып, сунуш беришет»,- деп айтылат маалыматта.
Жумушчу комиссияга өз ишин жүргүзүүгө байланышкан маселелер боюнча зарыл учурда тиешелүү эксперттерди, адистерди тартууга укук берилет.