Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясында жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегияга облус жетекчиси Эльчибек Джантаев катышты. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүн баса сөз кызматы билдирди.
- Иш-чарада райондун негизги жетишкендиктери жана көйгөйлөрү каралды.
Эльчибек Джантаев бир катар жетекчилерди сынга алып, көзөмөлдү күчөтүп, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Айрыкча, облус жетекчиси төмөнкү маселелерге токтолду.
Жантаев коррупцияга каршы күрөш бардык түзүмдөрдүн артыкчылыктуу багыты болушу керектигин баса белгиледи. Ал катаал чараларды көрүү жана мамлекеттик органдардын ишинде ачык-айкындуулукту жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.
«Райондун туристтик потенциалын өнүктүрүү экономикалык өсүштүн негизги факторлорунун бири катары белгиленген. Облус жетекчиси инвестиция тартуу жана туристтер үчүн инфраструктураны жакшыртуу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүүгө чакырды. Облус жетекчиси табигый жана техногендик кырсыктардын коркунучу бар аймактардан өз убагында эскертүү жана элди эвакуациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Тиешелүү кызматтарга бул багыттагы иштерди күчөтүүнү тапшырды»,- деп айтылат маалыматта.
Облус жетекчиси жарандарды жер бөлүп берүү маселелери өзгөчө көңүл бурду. Облус башчысы жер тилкелерин бөлүштүрүү процессин иретке келтирип, адилеттүү чечүү зарылдыгына көңүл бурду. Ал аймактын тургундарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Жер мамлекет тарабынан бекер берилерин эскертип, коррупциядан алыс болууга чакырды.
«Социалдык-экономикалык өнүгүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана экология маселелери да талкууланды. Эльчибек Джантаев аталган аймактардагы абалды жакшыртууга багытталган бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ийгиликтүү иштеши аймактын туруктуу өнүгүүсүнүн ачкычы болуп саналарын баса белгиледи. Ошондой эле облус башчысы өнүктүрүү фондтон акча бөлүү ниетин билдирип, район борборлоруна инфраструктураны жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча тиешелүү техника жана башка долбоорлорду ишке ашырууну тапшырды»,- деп айтылат маалыматта.
Алты айда Өзгөн районунун ишмердүүлүгү бардык көрсөткүчтөрдөн алдыда экени белгиленип, облус жетекчиси бул темпти күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.
Отурумдун жыйынтыгында облус жетекчиси бардык түзүмдөрдүн координацияланган ишинин жана жакшы жыйынтыкка басым жасоонун маанилүүлүгүн белгиледи.