Селден жабыркаган жарандар насыяларынын төлөө шарттарын жеңилдетүү үчүн банктарга кайрылса болот. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы Улуттук банка шилтеме берүү менен жазды.
Маалым болгондой, Улуттук банк бардык финансы-кредит уюмдарына селдин кесепетинен жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүүнү жана алардын реструктуризациялоо (жеңилдетүү боюнча) арызын артыкчылыктуу тартипте кароону жана насыялык келишимдин шарттарын (пайыздык ченди жана/же насыянын мөөнөтүн өзгөртүү ж.б.) жеке тартипте кароону сунуштайт.
«Селдин кесепетинен жабыркаган карыз алуучулар финансы-кредит уюмдарына насыяны реструктуризациялоо зарылдыгы жөнүндө кат жүзүндө арыз менен кайрылууга тийиш»,- деп айтылат маалыматта.