25-июль күнү Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясында облус башчысы Эльчибек Джантаевдин катышуусунда жарым жылдык жыйын болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө райондун алты айдагы жетишкендиктери жана көйгөйлөрү талкууланды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, облус жетекчиси бир катар жетекчилердин ишине сын көз менен баа берип, көзөмөлдү күчөтүп, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Негизги көңүл коррупция менен күрөшүү, туризмди өнүктүрүү, кооптуу аймактардагы элге эскертүү, жарандарга жер тилкелерин адилет бөлүп берүү, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүгүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана экологияны жакшыртууга бурулду.
Коллегиянын жыйынтыгында алдыдагы алты айдагы иштердин артыкчылыктуу багыттары аныкталды. Эльчибек Джантаев аталган аймактардагы абалды жакшыртууга багытталган бир катар конкреттүү милдеттерди койду. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ийгиликтүү иштеши аймактын туруктуу өнүгүүсүнүн ачкычы экенин баса белгиледи. Облус жетекчиси бардык түзүмдөрдүн координацияланган ишинин жана жыйынтыкка көңүл буруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Биргелешкен аракет менен гана биз олуттуу ийгиликтерге жетишип, облусубуздун татыктуу келечегин камсыздай алабыз жана бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерин жана кызматкерлерин облусубуздун тургундарынын жыргалчылыгы үчүн жигердүү жана жемиштүү иштөөгө чакырам»,- деген Э. Джантаев.