Президент Садыр Жапаров кечээ, 26-июль күнү Париждагы 33-жайкы Олимпиада оюндарынын ачылышына катышты.
Мамлекет башчыны жана биринчи айымды Елисей сарайынын алдында Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана анын жубайы Брижит Макрон тосуп алышты.
Олимпиада оюндарынын ачылышы Сена дарысында өттү. Делегациялар кайыктар менен сүзүп өтүштү.
Кыргызстандын мамлекеттик желегин дзюдочу Эрлан Шеров жана сууда сүзүүчү Елизавета Печерских көтөрүп өттү.
Ал эми чет өлкөлөрдүн лидерлери, чет өлкөлүк делегациялардын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын башчыларына Франциянын маданият чагылдырган көркөм өнөр тарууланды.
Кыргызстан курамасында 16 спортчу бар. Алар спортун беш түрү — күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча мелдештерге катышат.
Олимпиада оюндарына 200дөн ашуун өлкөдөн 10,5 миң спортчу катышат. Аларды арасында качкындар курамасы жана бейтарап спортчулар да бар.