Адам өлтүрүүгө шектүү катары кармалган Алмазбек Бекатов 1,5 жылдан бери убактылуу кармоочу жайда мыйзамсыз отурат. Бул тууралуу бүгүн, 29-иль күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында жактоочу Жигит Толкунбек уулу билдирди.
Анын айтымында, сот 1 жылдан ашык убакты айыпталуучуну убактылуу кармоочу жайда кармабаш керек эле.
«Биз жактоочулар адам укуктары боюнча соттордун ысытмасын өлчөөчү аспаб эле болуп калдык. Сот адилетсиздиги көбүнчө Кылмыш жаза кодексин колдонууда болууда. Ушул жаатта жеке адамдын жана мамлекеттин кызыкчылыгы каршы келип калууда. Маалымат жыйынга келүүбүздүн себеби, айрым соттор сот органын милдетин аткара турган орган болбой калды.
Окуя боюнча кыскачы айтсам, 2023-жылдын 4-февралында саат 21:00 чамасында Өзгөн районунун Куршаб айылынын Кадырбаев көчөсүнүн №2 үйүндө А.Э аттуу жаран каза болгон. Биринчи шектүү катары М. аттуу жаран кармалган. Ал ошол эле жылдын 5-февралында камакка алынган. Ал эми биздин жактообуздгы Алмазбек Бекатов окуядан 12 күн өткөн соң, 2023-жылдын 17-февралында камалган. Экөөнө тең «адамдардын тобу тарабынан бейбаштык максатта адамдын өмүрүн кыйган» деген Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-15-пунктары боюнча айыптык актылар түзүлгөн.
Эми иштин чоо жайына өтсөк. Иш Өзгөн райондук сотунун судьясына 2023-жылдын 2-июнунда түшкөн. Бүгүнкү күнгө чейин Алмазбек Бекатов сот башталгандан тартып 1 жыл 1 ай 27 күн камакт отурат. Бул сот болуп жаткан гана мөөнөт. Андан сырткары, Бекатов тергөө мезгилинде эле 3 айдан ашык камакта отурду. Жалпысынан алганда Бекатов 1 жыл 5 ай 13 күндө бери камкта отурат. Мыйзам, сот болуп жаткан убакта айыпталуучуну 1 жылдан ашык мөөнөткө кармап турууга жол бербейт. Ошондуктан, СИЗО №5 мекемесинин башчысы Чыңгыз Кожошевдин каты турат. Ал «Урматтуу соттор, айыпталуучуну 1 жылдан ашык камакта кармоого болбойт» деген. Ага сот «бөгөт коюу чарасын узартса болот» деп жооп берип жатат. Судья шилтемелеген берене 4 жыл мурун Конституциялык палатанын чечими менен жокко чыккан. Бирок, соттун каты мыйзамдарга негиздебей, ойдон чыгарып жазып жатат»,- деди ал.
Алмазбек Бекатовдун экинчи жактоочусу Токтосун Жоробеков кылмыш болгон жердеги буюмдар толук алынбай, ал аз келгенсип эксперт ички туюму менен эле чечим чыгарып койгондугун айтты.
«Кылмыш болгон жерде төшөк, балыш сыяктуу буюдарда адамдын канына окшош тактар турат. Бирок, биологиялык экспертизаны чыгарган эксперт «мен алынган буюмдарды тешерип чыктым, ишти тергеген тергөөчү менен сүйлөштүм, божомол менен буюмдардагы кандын тактары Алмазбек Бекатовдугу болсо керек деп чечим чыгардым» деп сотто жооп берип жатат. Анан мен жогоруда айткан буюмдар экспертке берилген эмес, «ошолор боюнча да кортунду чыгып калыптыр го» десек, «эсимдк жок, ал буюмдарды тергөөчү берсе керек» деп жооп берди. Демек, биологиялык экспертизанын жыйынтыгы чаржайыт болду, сот тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн кайра тергөөгө бериш керек болчу, бирок, бербей ишти кароону улантып, дагы деле сот иштери созулуп келе жатат»,- деди ал.
Ал эми жакындары агасын аталган жаранды өлтүрбөдү дегенден алыс экенин,болгону кылмыш болгон жерден алынган буюдардагы кан кимге таанык экени боюнча ДНКлык экспертиза жүргүзүлүшү керектигин, андыктан президенттке, УКМКнын төрагасына кайрылышты.