Кечээ, 31-июль күнү ӨКМдин Кара-Суу райондк бөлүмүнүн өрт өчүрүү кызматы Кара-Суу шаарындагы базарларга өрт коопсуздугу боюнча машыгуу өткөрүшкөн.
Машыгуунун жүрүшүндө өрт өчүрүүчү унаа «Оомат» базарынын айрым катарларынан кыйынчылык менен өткөн. Мындайн сырткары, өрт өчүрүүчү унаа «Баяман» базарына кире албай койгон.
ӨКМдин Кара-Суу району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Уланбек Жаныбек уулу базардын катарларын кеңейтүү үчүн базар башчыларына сунуштар берилерин билдирди.
«Кечээ биз менен базар башчылары да кошо жүрдү. Аларга сунуштарды беребиз. «Баяман» базарынын кире бериш жериндеги навести ачыш керек да»,- деди ал.
Кара-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрткө өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы Нурбек Сарыбаев кечээ, 31-июль күнү машыгуу учурунда журналистирге билдиргендей, машыгуу «Оомат» базарынын 0-катарынан башталган.
«Машыгуу «Оомат» базарынан башталды. Тактап айтканда, 0-катардан баштаганбыз. Ал катарга кирүүгө өрт өчүрүүчү унаа абдан кыйналды. Унаа кирип баратканда тоскоолдуктарга кабылды. Бирок, тоскоолдук кылган буюмдарды алып, өтүп кеттик. Базардын ичинде суу кампасы бар, ага жетиш үчүн «Баяман» базарынын эң башкы кире беришинен өтүш керек болду. Бирок, өрт өчүрүүчү унаабыз «Баяман» базарынын эң башкы кире беришине батпай, кире албай калды. Анткени, үстү жабылган, тоскоолдуктар өтө көп. Өрт коопсуздугу сакталган эмес. Эгер өрт болсо, базар күйүп кетмек. Себеби, тоскоолдуктар өтө көп. Базардын ар бир катары курулуш номасы менен салынып, 7 метр болуш керек. Азыр бул базарлардын ортосу 4 метрге араң жетип жатат. Бул боюнча тиешелүү башкармалыктарга кат жолдойбуз, ошондой эле өрт көзөмөлү бар, аларга кат жолдойбуз. 2023-жылы да машыгуу өткөрүп, «Баяман» базарына кире албай калганбыз. Учурунда эскертүүлөрдү бергенбиз, бирок, аткарылган эмес»,- деди ал.
«Оомат» базары Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун уулу Ырысбек Мырзакмат уулуна таандык экени, анын базары 1,5 гектар аянтты ээлеп, 500дөн ашык контейнерлер жайгашканы ушул жылдын 27-январында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу базарына барып, базардын картасы менен таанышкан учурда белгилүү болгон.
«Баяман» базарын экс-депутат-маркум Баяман Эркинбаев негиздегени, базардын учурдагы кожоюну Эркинбаевдин жубайы Чолпон Султанбекова экени айтылып жүрөт.