Бүгүн, 1-августта Ош шаарынын борбордук аянтында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Казакстан Республикасынын Астана шаарына жол алган 77 жаштагы Ош шаарынын тургуну Мамыт Таштановду узатуу аземи болуп өттү, деп билдирди Ош мэриясы.
Маалыматка караганда, узатуу аземине Ош шаарынын мэриясынын, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, жакындары катышты.
М.Таштановго Ош шаарынын мэриясы тарабынан акчалай жардам көрсөтүлдү.
«Мамыт Таштанов жалпы 2016 чакырым жолду түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун бекемдөө максатында басып өтөт. Ал буга чейин, 2022-жылдын 5-августунда Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен барган»,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, быйыл V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-13-сентябрда Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөрүлөт. Мелдештерге 85 өлкөдөн 21 спорттун түрү боюнча 2000ден ашык спортчу катышары болжолдонууда.