Ошто Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы жогорку деңгээлде өттү. Султан Ибраимов атындагы Академиялык драм-театрынын сол тарабына жети облустун керемет жерлери түшүрүлгөн этно айылды Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров ачып, алгачкылардан болуп чет жана коншу өлкөлөрдөн келген меймандар менен көрүп чыкты. Ыйык, бийик, көз карандысыз улуу күн суверендүү демократиялуу өлкөдө жашаган Кыргызстандыктар өзгөчө шаан-шөөкөттө белгилешти.
Ош шаарында кыргызстандын жети облусунун жети кереметинин этно айылы ачылды. Кыргызстандын аймагындагы 7 облуста жайгашкан 7 кереметтүү жерлердин элеси түшүрүлгөн, көз жоосун алган сулуулукту тартуулаган сүрөткерлердин колунан жасалган кооз жерлердин макети дал өзүндөй түшүрүлгөн. Мисалы Чүй Буранасы, Өзгөн мунарасы, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Таш-Рабат,Сулайман-Тоо, Айгүл гүлү, Токтогул суу сактагычынын макетин көргөндөр дал өзүнө баргандай элес калтырат.
Этно айыл Ош Улуттук Драма театрынын сол тарабынан оруналды. Кыргыздын не деген керемет, кооз жерлердин элестери сүрөтчүлөрдүн сыйкырдуу колдорунан жасалган этно айылдын көркүнө көрк берип турат. Ар бир айылдын тарыхый элестери макетке түшүрүлгөн, ага жан киргизген сүрөтчүлөргө рахматын айтышып көрүүчүлөр ырахат алып жатышты. Алгач этно айылга киргенде эле чек аранын чебин бек кайтарган Баткен облусунун Айгүл гүлү коюлган дарбазасы тосуп турат.
Нечен кылымдар бою чекти бекем сактаган, өз доорунун улуу инсандарынын башын бириктирген, эл-жерин сактаган Кудаярхандын чеби турат. Аны улай эле кен Чүйдүн баарын көрсөтүп тургандай бийик куралган Бурананы көрсөң Жусуп Баласагын бабабызды эрксизден эстетет экен. Сан кылымдарды кечирген, бизге чейин жеткен Бурананы көргөндө эрксизден элибиздин ошол кездеги жашоосу эске түшүп, эркиндикке жеткен элести тартуулап тургансыйт.
Аны улай эле касиеттүү Ысык-Көл манасчы Саякбай Каралаев Манас айтып отургандай элес бар. Жылуу, туздуу суусу менен эчендеген окмуштууларды, саякатчыларды тан калтырган Ысык-Көл турат мелтиреп. Жети-Өгүз районунда жайгашкан жараланган жүрөктү көргөн элдин эмнеге “Жараланган жүрөк” деген суроосуна жооп издегендер көп. Так өзүндөй жасалган “Жаралган жүрөк” тоосунун элеси көргөндөрдү кызыктырды.
Манасчы С. Каралаевдин күпүлдөп Манас айтып олтурган эстелиги да көргөндү кайдыгер калтырбады. Баарынан да Көлдүн айланасында жайгашкан бардык райондордун аттарын жазууну да унутпаптыр.
Оштун так ортосунда жайгашкан Сулайман-Тоонун жанындагы эстеликтер көркүнө көрк кошуп, тоонун чокусунда турган тууга өзгөчө маани берип көрүштү. Ошондой эле караханиттердин борборуна айланган ошол доордо курулган ( XVI-XIII кылымдарда Өзгөндөгү)мунаранын жанындагы Султандардын мавзолейи көргөндөрдү кайдыгер калтырган жок. Көптүн баары көрө албаган Токтогул ГЭСИнин, Токтогулдун комузу түшүрүлгөн эстелик таш этно айылдын көркүнө көрк кошуп турат. 1000 жылдар, мүмкүн андан да көп сырларды ичине каткан Кош-Рабат эстелиги коюлган. Соодагерлердин түнөгүнө айланган бай тарыхты камтыган ушундай жерибизди көргөндөр албетте миң рахмат айтаары бышык. Таласта саякатчыларды таң калтырган Манастын күмбөзү сөөлөттүү сүр көрсөтүп турат. Баарынан да Орто-Токой суу сактагычынын суусу азайып, суу толгон кездеги калган издери сүрөтчүнүн чеберчилиги менен тартылып турганы байкоочунун көзүнө көрүнөт. Этно айылды көрүүчүлөр ар бир аймакты көргөндө өздөрүн ошол аймактын элестери менен кошо “чырк” эттирип сүрөткө түшүп жатышты. Этно айылдын ачылышына катышып жатып, белгилүү акын Байдылда Сарногоевдин “Кыргыз жери сопсонун, кыйласынан Ош сонун…” деген сабы эске түштү.
Д.Жусупбекова