ТикТок платформасынын корпаратив жана бийлик органдары менен байланыш маселелери боюнча Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Сергей Соколов Кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүү үчүн Кыргызстанга келди, деп жазат «Азаттык».
Ошондой эле, аталган басылма Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрликтин Маалымат башкармалыгынын бөлүм башчысы Бектур Ибрагимовго шилтеме берүү менен ТикТоктун өкүлдөрү менен кыргыз өкмөтү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазды.
«Биз жаш курак боюнча чектөө киргизүү, платформанын тартиптерин Кыргызстандын мыйзамдарына шайкеш келтирүү сыяктуу талаптарды койгонбуз. Азыр алар техникалык жактан да кыйынчылык болуп жатканын айтышууда. Бул сүйлөшүүлөр уланат», — деген Ибрагимов
Буга чейин Маданият министрлиги ТикТок платформасына тыюу салынарын жар салган. Анда министрлик ТикТокто балдардын психологиясына, ден соолугуна зыян келтирет деген мазмундагы кайрылуулар көп болуп жатканы менен түшүндүргөн.