Сүрөт Интернеттен алынды
Акыркы маалыматтарга ылайык, Мароккодогу жер титирөөнүн кесепетинен улам 2100дөн ашык адам каза болуп, 2400дөн ашык адам жараат алган. Бул сандар акыркы эмес: куткаруучулар урандыларды тазалап жатышат. Бул тууралуу BBCнин орус кызматы жазды.
Маалыматта айтылгандай, жекшемби күнү Марокко бийлиги жер титирөөдөн улам 2122 адам каза болуп, 2421 адам жараат алып, алардын ичинен 1400дөн ашыгы оор абалда экенин билдирген.
Бул арада Мароккодо үч күндүк аза күтүү күнү жарыяланды. Үч күн бою африкалык өлкөдө желектер жарым бийиктикке чейин түшүрүлөт.
8-сентябрь күнү кечинде Марокконун түштүгүндө күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө болгон. 19 мүнөттөн кийин күчү 4,9 баллга жектен дагы бир жер титирөө катталган.
Жер титирөөнүн очогу Марракештен 71 км алыстыктагы (түштүк-батышында) эң ири туристтик борбор- Атлас тоолорундагы эл аз жашаган аймакта болгон.Бирок, жер титирөө 350 км алыстыктагы Раббатта, Касабланкада, Агадир жана Эссауирада да сезилген.
БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин маалыматына ылайык, жер титирөөнүн кесепетинен Марракеш жана анын айланасындагы 300 миңден ашык адам жаракат алган.
Курман болгондордун көбү алыскы аймактар экени божомолдонууда. Өлгөндөр Марракеш, Эль-Хауз, Уарзазат, Азилал, Чичауа жана Тарудант провинция-муниципалитеттеринин тургундары экени тастыкталды.