Кеп башында эле белгилеп коё турган улуу чындык — залкар, жоомарт, урматы бийик устат, куйкум сөздүн кенчи, кемибес чебери Түмөкөмдүн ( Түмөнбай Байзаковдун) кешик-устуканынан кыйла эле даам татып калдык. Качан, кайдан жолугушпайлы, айланасында күлкү күйөрмандары, замандаштарынын жооруктары туурасындагы баяндарды кунт коюп укканча, каткырышып-жайнап олтурушар эле… Менин өмүр-жашоомдо дагы Түмөкөмдүн азил-куйкум тамашаларын өз кезинде Москвада — адабият институтунун жатаканасындагы мейманкана төрүндө, андан кийин көп ирет Фрунзе–Бишкекте, Ош–Жалал-Абадда, андан ары Лейлек-Сүлүктүдө далай-далай жолу уктук, кайталап айтып берүүсүн сурандык, кол чабуулар коштоосунда сый-урматыбызды көрсөтүп жүрдүк. Кээ бирде тузу-мурчу өтө эле мол тамашаларын, замандаштарынын кашкайган бет-бейнелерин сүрөттөп салган «мүнөздөмөлөрүн-чындыктарын…» тар чөйрөдө гана уккандар тамшанып олтуруп калышчу.
Мынчалык болду — мен дагы мааракенин шылтоосу менен, бирин-серин эс тутумда сакталып жүргөн Түмөкөмдүн аския-тамашаларынын айрымдарын кагаз бетине түшүрүп көрөйүн. Өзү Түмөкөм айтып калчу: «Мен кыргыздын таза-көөнө сөздөрүн, тунук сөз берметтерин атактуу апыз, Барпы досумдан (Барпы атабыз ар убак, аны коштоп, жетелеп жүргөн Түмөнбайды «досум!..» — деп атап, жанынан чыгарчу эмес экен) үйрөндүм, көкүрөккө түйдүм. Мындан тышкары, мага өзгөчө чоң мектеп—басмада көркөм котормо боюнча редактор болуп иштей баштаганымда дүйнөлүк деңгээлдеги акын-жазуучуларды, албетте, баарысын болбосо да, көбүн орус тилинен удаама-удаа, ушунчалык берилүү менен которгонум, жеке сөз корумдун мол болуусуна алып келген деп айтканча, сыр төгүп калар эле. Ошентип, такшалган таланттуу акын, алп котормочу 45 жашка толгондо гана өзүнүн төл китеби, ушунчалык ийинине жеткен көркөм-дастан, «Паризат» аталыштагы ыр баянды окурмандарга тартуулаган. Кийин-соңунда жыл сайын бирден жаңы китептерин күйөрмандарына тартуулап турган. Түмөкөмдүн ар бир төл ыры болобу, котормосу болобу, ушунчалык таамай, так, тили жатык, өзгөчө ширин! Ушул жерден эле ачык айтып, ак сөз менен белгилей турган жагдай, накта элдик гимнге айланган «КЫРГЫЗ ЖЕРИ» ырынын текстиндеги ар бир сөздү, кыналган ыргакты салмактап көрүңүз? Керемет алп-талант, улуу сөз зергеринен, тап-таамай кагаз бетине түшкөн, эч качан сыны бузулбас улуу сүрөт!.. Калган мактоо-алкоо сөздөр ыңгайы келгенде боло калар, азыр болсо—күлкү менен жылмаюну кошо тартуулаган тамаша «өнөрү» тарапка тизгин буралы.
—Бир жагынан жашым 50гө чукулдап, экинчиден дагы бир мыкты китебим чыгып калган учур. Иш бөлмөмө куттук айткан болушуп ини-досторум Байдылда Сарногоев менен Советбек Урманбетов кирип келишти…-деп кызык кептин келебин чубаган, устат Түмөнбай агам. —Аз-маз белек бечкек, суусундук алып алышкан экен… Олтурдук… Жумуш күн да соңуна чыгып калган кез эле. Эми, мен силерге ыраазычылыгымды билдирейин…— дегенче, ал учурда эл аягы үзүлбөгөн «Кыргызстан» мейманканасындагы ашканага баштап жөнөдүм. Тамактандык, сеп эттик дегендей болуп кыйла олтуруп калдык. Бирок, жинди суу жагы жетпегендей болду да калды… Чөнтөк да бошогон. А, тигилер болсо тунжурагансыйт… Мен, мындай чыгалычы «Бир буюрганы болуп калар…» — деп, Түштүктү көздөй, опера-балет театры тарапка кадам таштадык! Ошондо, чындап кудай бербеспи. Ак кайыңдарды аралап Насыкем (Насиридин Байтемиров) келе жатат! Шайдоот. Беркилерге кайрылдым: —Тигине, Насыке келе жатат. Эч качан чөнтөгүнөн тыйын үзүлбөйт. Ушу агаңардын ырларынан бир-эки купулет билесиңерби? — дээрим менен экөөсү тең «биз дап-даярбыз!» — дешкенде, Насыке да келип калды да, мен кесмеси мол мактоомду баштап жибердим:
— Тигил, Ала-Тоо жылып келе жатабы деп ойлосом, Ала-Тоонун демин берип келе жаткан Сиз экенсиз, Насыке. Тим эле укмуш! —Ии, анан…—Байтемиров ары-бери баса баштаганда, Советбек шатыратып 2-3 ырын окуп жиберди! Ал демин баса электе, Байдылда тизгинди алды:
—Насыкемдин канчалаган ырлары эл оозунан түшпөй, элдик болуп окулуп да, ырдалып да жүрөт. Мына, алардын олуттууларынан бир-эки сап, деп туруп, 4-5 куплет айтты да: «Калат улуу акындан да, нан табар көк үстөлү… Көргүлө, өмүрдүн акыркы аялдамасы—Ала-Арча көрүстөнү?!..»-дегенде эле, кайран Насыкем секирип-секирип жиберди да, мени кучактап: —Ээ-й. Түмөнбай. Бул, менин чыгармаларымды жумушчулар менен дыйкандарга, айыл адамдарына эле жакын десем, ой-йй… Мына булардай, өзүңдөй кыргыздын интеллигенциясы да жаттап, алышыптыр го!Ушундай жагдай белгилебегенде, канттик?! Кеттик???. . . Жакшы жерге баштагыла? — деп шаштырып туруп алды… Баштадык, бардык, кесмени «илдик». Үйгө кантип кеткенибиз эсте калбаптыр…
Дагы бир-эки көрүнүш. Сексенинчи жылдардын башында, “Арашан” чыгармачыл үйүндө эс алганча, атайын семинарга катышып жүргөнбүз. Ал жерде Түмөнбай Байзаков баш болгон, Сооронбай Жусуев, Шабданбай Абдыраманов, Мамат Жакыпов сындуу аксакалдарыбыз да эс алып жүрүшкөн. Биз болсо — «жүгүртөк…» балдар. Жумшаган жактарына чуркайбызда, алардын азил-тамашаларына, таңдануу менен кулак түрөбүз. Баарысына ар кандай жагдайда келиштире «мат…» койгон Түмөкөм боло турган. Ошол жерде тейлөөчүлүк менен кароолчулукту бир аткарган, таластык—атактуу Танабайдын уулу Жылкыбай ысымдуу элпек жаны тынбаган, ары-бери чуркап иштеген ошо жигит, биз чогуу олтурган узун олтургучтун жанынан шуулдап өтө бергенде:
-«Арашанда» канча Жылкыбай иштейт? — дегенди кошуп кытыгылуу суроосун узатып калды. Азил-тамашага анчалык көнбөгөн, кеп удулун аңдабаган, ал ак көңүл жигит:
— Бирөө эле, мен өзүм элемин…—деп жооп узатаар менен, Түмөкем: — Калп айтып үйрөнбө, ал жаман адат… Жарым сааттын ичинде эле мен 5-6 Жылкыбайды көрдүм го!.. — дээри менен каткырып, күлбөгөн жан калбаган. Жылкыбайыбыз болсо ийнин куушура, таңданып туру…
— 70-жылдарда досум Эгемберди Эрматов экөөбүз адабият институтунда окуп жаткан кез. Ошол, май күндөрүндө Сталинграддагы Жеңиштин кайсыл бир датасына арналган салтанатка катышуучулар Москвага топтолуп жатышкан кез экен. Бизден, жеңишти жараткан апаат согуштун катышуучулары, залкарлар Түмөнбай Байзаков, Сооронбай Жусуев, Сүйүнбай Эралиев, Талант Байгабыловдор да барышып, ошо жатаканабыздын биринчи кабатындагы «Кремлдик тейлөө» үлгүсүндө иштеп жаткан мейманканага жайгашышып, орун алышкан экен. Бир учурда Адабият институнда окуп, йгиликтүү бүтүргөн Сокебиз (С. Жусуев) бизди издетип, чакыруу жибериптир. Сабактан бошор менен эле, жетип барып, учурашып, ал-жай сурашып, олтуруп калдык. Чай-пай… дагы болду. Каражатты негедир Т. Байзаков көтөрүп жатты. Калган устаттарыбыз, унчугушпайт. Ошондо, ого бетер олуттуу тон менен Түмөкөбүздүн айтып турганы:
— Ээ, ач курсак студенттерим… Тиги агаларыңардан үмүт этпей эле койгула… Биринде да мендегидей акча-каражат жок. Ушуларды өзүң менен кошо алып барып, багып-карап кайра Фрунзеге алып келесиң…—дешип, Борбордук Комитеттен бардык каражат-акчаны мага беришкен..Алар дегениң кимге ишеништи, ким менен сүйлөшүүнү мыкты билишет да?! Каалагандай чачканга кудуретим жетет…Сөздүн ток этерибиз кеткенге чейин ушул жерде болгула?Биздин кешиктерди жегиле! Дагынкысы дагы болор… Cөздү дагы кайталап айтамын: экөөң кезектешип, мага «Боржоми» суусун ташып келип турасыңар… Пул болсо менден, каалаганча ала бересиңер…
—Эми, Түмөкөмдүн бул куйкум аралаш сөзүндөгү акценти, тамашасы азыр деле көз алдымда жылмайтып турат. Берки залкарларыбызда үн да, кеп да жок… Ай, кайрандар, дейбиз… Залкарларга бейишти тилейбиз… Ошо, курч мүнөз, куйкум сөз устатыбыз, Түмөкемдей таланттын өмүр-жашы да 100 жылды тиреп туруптур! Рухуна таазим кылабыз, тууган-туушкандарына, мекендештерине, шакирттерине куттук айтабыз.
Алаамат согуш отун баатырларча жиреп өткөн атактуу агабыздын дагы бир элдик классикага айланган мына мындай саптары бар: «…Мылтыктын огу калган акыректе, Мени менен бирге барат акыретке…» Ушул саптарды жаратыш кандай сабырдуулуктун, чыдамкайлыктын, баатырдыктын кайталангыс үлгүсү! Таамай сөздүн кеменгер-чеберинин, залкар устаттын жарашыктуу элеси, тармал чачына жарашкан каракүл папагы, мезгилине жараша кийип жүрчү төп-төгөрөк береткасы, бубак чалган кубаттуу муруттары менен тирүүлөрдүн жүрөк-туюмунда түбөлүккө жашай бермекчи деп, сыймык менен айткыбыз келет! Ага себеп—кудуреттүү Күндү да күлдүргөн, түнөргөн Түндү да үркүтүп, туйлаткан тааамай сөдүн чебер, тапкыч, таң калтырган устаты жападан жалгыз Түмөнбай БАЙЗАКОВ болгон!!!
Турабай ЖОРОЕВ , акын-котормочу, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер