Быйылкы жылы «Ош жаңырыгы» гезитине 85 жыл болду. Журналистиканын мектебине айланган, кылымга тете жашы бар, тарыхы тамырлуу, таасири түптүү гезитте жазуучу, журналист, маркум Нурдинов Алмаз Нурдинович өмүрүнүн акырына чейин иштеди. Касиеттүү гезиттин бай тарыхы өткөн кылымдын тээ 1938-жылынан башталат. Адегенде «Кыргызстан большевиги» деп чыккан гезит 1940-жылы «Ленин Жолу», 1991-жылы «Ош жаңырыгы» болуп аты өзгөртүлгөн. Биздин каарманыбыз Алмаз Нурдинов Союздун күрүлдөп турган мезгилинде, 1982-жылы «Ленин Жолу» гезитине корректор болуп ишке орношуп, дээрлик 40 жыл эмгектенди. Эми гезиттин 85 жылдыгына карата гезит менен тагдырлаш, маркум Алмаз Нурдинов тууралуу кеп кылмакчыбыз.
«Өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт»
Ооба, түштүктөгү түптүү гезит «Ош Жаңырыгынын» тарыхында калеми курч, сөзмөр, асыл инсандар иштеп кетишкен. «Өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт» дейт, аларды бүгүн эскерип жазуу биздин парызыбыз. Аталган гезиттин 85 жыл жашап, тарыхы тамыр алып, ооматы артышына, сабаттуулуктун үлгүсүн көрсөткөн ошолордун катарында жазуучу, журналист, маркум Алмаз Нурдиновдун салымы абдан чоң. Ошол иштеп кеткен улуу муун устаттардын айрымдары азыр ардактуу эс алууда жүрүшсө, айрымдары бул дүйнөдөн өтүшкөн. Атап кетсек, маркумдар Асылкан Бөрүбаев, (КР Илимдер Академиясынын Академиги Алтай Бөрүбаевдин атасы), Кармышак Ташбаев, Таш Мияшев, Жолон Мамытов, Токтогул Кенжеев, Саламаттыкты сактоо министринин орун басарына чейин жетип иштеген Жапаркул Ташиев сындуу сыймык менен аталчу устат инсандар бар. Ал эми «Ош Жаңырыгынын» мектебинен өткөн айрым журналисттер эл аралык журналистикада мыкты эмгектенип жүрүшөт. Улам мезгил алмашкан сайын, гезитке из калтырып кеткен инсандардын ысымы улам жаңы боектор менен жазылып турганы-келечек үчүн жарык шоола.
Алмаз Нурдиновдун гезит бетиндеги өмүрү
Алмаз Нурдинов деген ысым «Ош жаңырыгы» гезитинин өмүрүнө өзөктөш, тамырына тагдырлаш болду. Ал Бишкектен журналисттин окуусун жакшы бүтүп, андан кийин Украинада эки жылдык армияны бүтүрдү. Союздун кезинде 1982-жылы «Ленин Жолу» аталган гезитке корректор болуп ишке кирет. Ооба, Алмаз Нурдиновдун гезит бетиндеги өмүрү ушинтип башталган. Устат агайыбыз иштеп турган кезде, 1988-жылы «Ленин Жолу» гезитинин нускасы 75500гө (жетимиш беш миң беш жүз) жеткен. Түштүктөгү түптүү гезит «Ош Жаңырыгынын» ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, түбөлүктүү темадагы эмгектерин гезит бетине, редакцияга, китептерине калтырып кетти. Анын чыгармачылыкта өткөн өмүрү, жазган эмгектери баалуу.
Алмаз Нурдинов тарыхый инсан Алымбек Датка чыккан табияты кооз, Алайдын тоолор курчаган Жошолу өрөөнүндө туулуп, бой жетти. Тоо арасындагы айылда, карапайым үй-бүлөдө төрөлүп, өсүп, тарбия алып, айылдан турмуштун чоң сыноосуна аттанган. Алмаз агай билимдүүлүгү, жөнөкөй, кең пейил, мырзалык бийик сапаты, көрөгөчтүгү, жөнөкөй адамдарга болгон адамгерчилиги менен өзгөчөлөнүп турчу. Алмаз Нурдиновдун көкүрөк көөдөнүнөн, сыр сандыгынан сызылып чыккан саптар окуган адамды кайдыгер калтырчу эмес. Ооба, жер менен сырдаш дыйкан сыяктуу журналистиканын анык дыйканы болду. Бирок, турмуш деген алда канча татаал, өзгөрүлмө болот экен. Алмаз агай журналистиканын саяпкери болгону менен, элдин улуулугу анын саны менен өлчөнбөгөн сыңары, жеке турмушунда көптөгөн оош-кыйыштарга дуушар болду. Ошондо да мырзалык сапатынан тайбады. Ошондой убактарда сырдашы колундагы калеми болуп, окумдуу чыгармаларды, китептерди жазып, калтырып кетти. Каарманыбыз табигаттын сулуулугун, махабаттын улуулугун даңазалап жазган чыгармаларында кайгыруу менен айрылуу аралашып, ошончо тагдыр, ошончо көз жаш жашап жүрөт. Ал бүгүн чын, эртең калп болуучу эмес түбөлүктүү темаларды калтырды. Алмаз Нурдиновдун экинчи өмүрү-анын ургаалдуу чыгармаларында жашап калды.
Ооган кыргыздарынын Кыргызстанга көчүп келгенин көрбөй кетти
Алмаз Нурдиновдун биз баса белгилеп, айтып жүргөн, журналисттер чөйрөсүндө кеп болуп жүргөн журналисттик сапарынын бири Союздун кезинде Кыргызстандагы журналисттерден эң биринчи болуп Ооган кыргыздарына барып келгени. Ооба, журналисттерден алгачкы болуп Ооган кыргыздарынын башчысы Рахманкул хан менен жолуккан жана ал жерде жашаган кыргыздардын оор жашоосун, «Оогандык кыргыздар» деген тема менен гезитке удаа-удаа жарыялаган.
1989-1999-жылдарда Ооганстанга Кыргызстандын жана Тажикстандын делегациясы менен кийин өзү бир топ жолу барган. Ал эми 1992-жылы Ооганстанга барып Пакистан аркылуу Түркиянын Ван облусунун Эржиш районунун Улуу Памир айылына Рахманкул Хандын жетекчилиги менен келген кыргыздарга барган. Табиятынан адамгерчиликтүү Алмаз Нурдинов 1998-жылы августта Ооган кыргыздарына Рахманкул Хандан кийин башчылык кылган Абдурашит атаны үч адамы менен Ошко алып келип, облус, шаар, район жетекчилери, жамааттары менен жолуктурган. Алар тарыхта Ошко алгачкы жолу келген Ооган кыргыздары эле. Ал Ооган кыргыздары менен таанышып келген соң, кийин өзү бир топ жолу барган. Өзү тоо айылында чоңойгону үчүнбү, Ооган кыргыздарына жол Алай аркылуу кеткендиктенби, жолдун аркы-беркисин жакшы билчү, бирок, жолдо кыйналганын айтчу эмес. Ооба, Ооган кыргыздарына Союз кезинде, кийин СССР жаңы таркаган мезгилде баруу деле оңой эмес эле. Ал тургай, ошол кезде Алай, Чоң-Алайга жетүү да татаал болгон. Мындай күндөрдү мен да студент болуп башыман өткөрдүм.
Ошол кезде Ош-Эркештам, Ош-Чоң-Алай жолу уңкул-чуңкул, чаң болгон. Каттаган транспорттун жоктугу, кышкы кыйынчылык, жол азабы жүргүнчүнү көп учурда Сары-Таш аймагына түнөтчү. Ушундай кыйынчылыктарга карабай Алмаз Нурдинов Өзбекстандык, Түркиялык кыргыздарга барып, жолу татаал Оогандык, Тажикстандык кыргыздарга чейин жетип, кызыктуу материалдарын гезиттерге берип, китеп кылып жазып, калтырып кетти.
Алмаз Нурдиновдун көзү өткөн соң, ал күтүп жүргөн Ооган кыргыздары Кыргызстанга келип отурукташа баштады. Көзү тирүү турганда буларды көрүп, терисине батбай сүйүнүп, дагы далай кызыктуу чыгармалар жаралып, китептер жазылат беле… Ошол кезде Алмаз Нурдиновдун группалашы, кесиптешибиз Динара Жусупбекова «Алмаз, сен күткөн Оогандык кыргыздар келишти» деген макаласын гезитке жарыялады.
Пейили кенен,пикири дымактуу эле
Алмаз Нурдинов дасыккан журналист, жазуучу, чынчыл, пейили кенен инсан катары коллективде кадыр-баркы бийик болчу. Ар дайым коллективде ал жөнүндө жакшы пикирлер айтылат. Ал редакциянын жаш кызматкерлерине, журналисттерге акыл-насаат, ынанымдуу пикирлерин айта жүрчү. Редактордун орун басары, тажрыйбалуу инсан катары макала даярдоодо дежур фразалардан оолак болууну, катасыз, сабаттуу жазууну, антпесе уят болуп калаарыңды айтчу. «Макаланы жерине барып, көрүп жазып келгенге жетпейт. Ар бир жазылган окуя илинген сүрөт сыяктуу.
Гезит-катасыз жазууга, логикалык туура ойлонууга, изденүүгө, жоопкерчилике үйрөтөт. Сабаттуу жазуу-журналистиканын өзөгү болот. Гезит-бул аалам, текст жаза албаган журналист эмес» — деп айтчу. Таланттууну тааный билген устатыбыз макаланы окуп чыгып, туура эмес жерин дароо оңдотчу. Эл шыбагасына кол салган атка минерди, жетекчи болуп же акчасы көбөйсө көөп кеткен көйрөңдү, кайдыгер, текебер адамды абдан жаман көрчү, бул жөнүндө омоктуу макалаларды жазчу. Алмаз Нурдинов мурунку бийликтин тушундагы гезит тармагын билбегендер облустук гезиттерди ары-бери чайпап, сүдүрөп, редакция жамаатынын ыңгайсыз абалда калышканын көрбөй кетти. Болбосо, көзү тирүү турганда, гезит үчүн жан үрөп, корголоп, тийиштүү маселени чоңдордон чочубай айтып, жазып, тайманбаган чындыгы менен ордуна коймок. Алмаз агайдын жоктугу мына ошол кезде даана билинди.
Нурдинов Алмаз Нурдинович 1957-жылы 27-октябрда Алай районундагы Жошолу өрөөнүнүн Миязды айылында туулган. 1973-жылы аталган айылдагы Я.М.Свердлов атындагы орто мектепти аяктап, эки жыл чарбада иштеген. Андан кийин Бишкекке барып, Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетине тапшырып, аны 1980-жылы ийгиликтүү аяктаган. Жогорку билим алган соң, Советтик армиянын катарында Украинадагы авиациялык полкто эки жыл кызмат өтөгөн. Армиядан келип, 1982-жылы Оштогу «Ленин Жолу» гезитине корректор болуп ишке орношкон. Ошол эле гезитте кабарчы, бөлүм башчы, жооптуу катчы болуп иштеген. Ошол эле кезде «Кыргыз Руху» гезитинин түштүктөгү кабарчысы болгон. 2006-жылдан тарта мурунку «Ленин Жолу» азыркы «Ош Жаңырыгында» башкы редактордун биринчи орун басары болуп иштей баштаган. 2007-жылы КР Журналисттер союзунун Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы болуп шайланып, көп жыл иштеди. 1986-жылы КР журналисттер союзунун мүчөсү, 1996-жылы КР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Алмаз Нурдинов башкы редактордун орун басары болуп турган кезинде, 2016-жылы 59 жашында дүйнөдөн кайткан. Көзү өткөн соң анын ысымы Жошолу өрөөнүндөгү өзү туулуп өскөн Миязды айылынын чоң көчөсүнө ыйгарылган. Жарык көргөн китептери: «Оогандык кыргыздар», «Рахманкул Хан-акыркы Хан», «Түнкү бороон», «Кош бол Лира», «Бири-бирибиздин жүрөгүбүздү оорутпайлы».
Сыйлыктары: КР Президентинин, Кыргызстан Компартиясынын Ош облустук комитетинин Ардак грамоталары, баалуу сыйлыктары менен сыйланган. «КР маданиятынын мыктысы» төш белгисин, Россиядагы Ооган согуш ардагерлеринин «Ата-Мекен алдындагы кызматы үчүн» медалын алган. Республикалык «Алтын калем» сынагынын, «Сорос Кыргызстан» эл аралык фонду уюштурган сынактын жана башка сынактардын жеңүүчүсү.
Г.Мамазияева, КР Журналисттер союзунун мүчөсү