Израиль кандай шартта «Ислам каршылык кыймылы» менен согушка чекит коюшу мүмкүн. Эгер «Ислам каршылык кыймылы» куралдарын таштап, барымтадагыларды бошотуп, багынып берсе согуш «бир да оксуз» бүтүшү мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин Газа тилкесиндеги жана Израилдеги абал боюнча жыйынында Израилдин БУУдагы өкүлү Гилад Эрдан билдирди, деп жазат centralasia.media СBSnews сайтына шилтеме берүү менен.
«Израилдин миссиясы: барымтадагы жарандарыбызды, биздин келечегибизди, Газа элин бул ырайымсыз залимдерден куткаруу. Бул куткаруу миссиясы. Бул миссия абдан тез бүтүшү мүмкүн. Эгер ХАМАС куралын таштап, барымтадагыларды бошотуп, багынып берсе, бул согуш бир да ок атышуусуз бүтүшү мүмкүн. Эмне үчүн Хамасты ушуга чакырбайсыз, эмне үчүн бул резолюциянын бир бөлүгү болгон эмес?»,-деген Гилад Эрдан.
Газа секторун көзөмөлдөгөн «Ислам каршылык кыймылы» менен Израилдин согушу, аталган кыймыл 7-октябрда Израилдин аймагына жүздөгөн ракеталарды атып, бир нече аймагын басып алаган убактан бери уланып келет. Бул арада Израилдин куралдуу күчтөрүү өзүнүн аймагын кайра алып, Газа секторун аткылап баштаган. Учурда Израиль кургактагы операциясын даярдап жатат.