Ош шаарында жайгашкан «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплекси маданий тармактагы маанилүү обьект катары Кыргызстан эле эмес, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерине чейин белгилүү. Экинчи Мекке деп да айтылып жүрөт. Биз аталган музей-комплексинин Башкы директору Абдыкалыкова Гульбара Кадырбековнага жолугуп, суроолорду узаттык.
Гульбара Кадырбековна, сөз башында «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин өнүктүрүү боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу айтып берсеңиз?
— Албетте, өнүктүрүү багытында долбоорлор менен иш алып баруу чоң мааниге ээ. Бүгүнкү күндө Бүткүл Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жаткан “Регионалдык экономикалык өнүгүү” долбоорунун Ош облусу жана Ош шаарында туризмди өнүктүрүү программасына биздин музей-комплекстен кирген субдолбоорлор боюнча АРИС уюму жана «Алга жылуу жана өнүгүү борбору» («Центр продвижения и развития») коомдук бирикмеси менен биргеликте «Сулайман-Тоо» УТАМКында туризмди өнүктүрүү концепциясын түзүү иштерине катышып жатабыз. Анда музей-комплекс боюнча илимий, чарбалык, финансылык ж.б. маалыматтарды берүү, келген адистерди объекттер менен тааныштыруу иштерин жүргүзүп жана жыйындарга катышып жатабыз.
КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Түштүк Корея Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлигинин ортосундагы 2022-2025 -жылдардагы макулдашуунун алкагында “Кыргыз Республикасында санариптик маданий ресурстарды башкаруу системасын өнүктүрүү жана маданий контент түзүү потенциалын жогорулатуу” долбоорунун алкагында музей- комплексте санарип бөлмөсү ачылып, 3 комплект компьютер алынды.
— Илимий казына жана чогултуу иштерине токтолсоңуз?
— Музей казынасындагы экспонаттарды салыштырып текшерүү менен инвентаризациядан өткөрүү иштери уланып жатат. 2023-жылдын 9 айында 27850 даана экспонат инвентаризациядан өткөрүлдү. “Кыргыз Республикасында санариптик маданий ресурстарды башкаруу системасын өнүктүрүү жана маданий контент түзүү потенциалын жогорулатуу” долбоорунун алкагында 1480 даана буюм санариптештирилип, kcrms.org порталына киргизилди.
— Ал эми консервация жана реставрация иштери тууралуу эмнелерди кошумчалайсыз?
— Башкы музейдин экспозиция залындагы, сактоо бөлмөсүндөгү жана филиалдардагы экспонаттардын сакталуу абалына көзөмөл жүргүзүп, дарылоо-профилактикалык иштер жүргүзүлдү.
Ошондой эле Башкы экспозиция залындагы 1089 экспонатка реставрациялоо, тазалоо жана желдетүү иштери жүргүзүлдү. Сулайман-Тоосунун жана андагы жайгашкан эстеликтердин сакталуу абалын жана тазалыгын көзөмөлдөө үчүн мониторинг жүргүзүлүп, атайын журналдар ачылып, ар бир эстеликтин абалы боюнча маалыматтар жазылууда.
— Илимий экспозициялык жана көргөзмө иштери да абдан маанилүү. Бул багыттагы аракеттер кандай болду?
— Илимий экспозициялык жана көргөзмө иштерине токтолсок, март айында туристтик сезондун ачылышына карата уюштурулган фестивалдын алкагында Су-лайман-Тоонун флора жана фаунасын чагылдырган убактылуу көргөзмө уюштурулду. Анда илимий кызматкерлер тарабынан чогултулган Сулайман-Тоодогу өсүмдүктөрдүн гербарийлери, тоонун катмарын түзгөн породалардын үлгүлөрү жана тоодо жашаган жаныбарлардын сүрөттөрү коюлду. Июль-августь айларында башкы экспозиция залында 1100 кв.метр аянтта оңдоп-түзөө иштери аткарылды. Анда фото документалдык сүрөттөрдү жаңылоо, витриналарды, стенддерди сырдоо, экспозицияны кайрадан көркөмдүк жасалгалоо жана жарыктандыруу иштери аткарылды. Ал эми август айында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы жана мамлекеттик, саясий ишмер Н.Исановдун 80 жылдык мааракелерине карата «Эгемендүү Кыргыз Республикасына 32 жыл: Насирдин Исанов туңгуч премьер-министр» аттуу фотодокументалдык көргөзмө уюштурулду. Анда Кыргыз Республикасынын Борбордук архивинен жана Ноокат райондук тарых музейинин фондунан баалуу документалдык материалдар алынып, 30 даана мольбертке А2 форматта коюлду.
Мындан тышкары, сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата «Кыргыз тили жана Чыңгыз Айтматов ааламы» аттуу фотодокументалдык көргөзмө уюштурулду. Анда байыркы эне тилибиздин өнүгүү тарыхы, анын өнүгүшүнө чоң салымын кошкон инсандар жөнүндө жана Мамлекеттик тилибиздин укуктук мааниси боюнча материалдар чагылдырылды. Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, КРнын Баатыры Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы, дүйнөлүк адабияттагы орду жана чыгармалары камтылган кинофильмдер тууралуу фотодокументалдык сүрөттөр коюлду.
— Гульбара Кадырбековна, илимий изилдөө жана усулдук иштерине чоң көңүл бурулуп келатканы маалым. Бул боюнча да маалымдап кетсеңиз?
— Ош облустук балдардын чыгармачылык борбору менен биргеликте Араван районунда облустагы мектеп музейлеринин кызматкерлерине семинар өткөрүлүп, «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин ишмердүүлүгү жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча лекция окулду. Ош шаарындагы ЖОЖдордон 150дөн ашуун студент атайын түзүлгөн келишимдердин негизинде музей практикасынан өтүштү. Аларга музейдин ишмердүүлүгү, илимий тексттерди англис тилине которуу, иш-чараларды уюштуруунун тартиби, иш кагаздарынын жүрүшү боюнча үйрөтүлүп, мүнөздөмөлөр жазылды.
Буга улай эле илимий агартуу иштери жөнүндө айтсак, музей-комплекске 2023-жылдын тогуз ай ичинде 254797 көрүүчү кабыл алынды. Андан сырткары, 2722 көрүүчү акысыз тейленди. Эл аралык, облустук, шаардык деңгээлдеги делегациялар жана талап кылган музей көрүүчүлөргө жалпы 678 жолу экскурсия өткөрүлдү.
Музей казынасындагы баалуулуктарды, Сулайман-Тоодогу материалдык жана руханий эстеликтерди элге жайылтуу боюнча обзордук, тематикалык экскурсиялар Ош шаарындагы ЖОЖдор жана мектеп окуучуларына өткөрүлдү.
Ошондой эле 18-май – Эл аралык музейлер күнүнө карата «Музейлер туруктуулук жана бакубатчылык үчүн» аталашындагы майрамдык иш-чара уюштурулду. Анда Ош шаарында алгачкы жолу Сулайман-Тоосунда тазалыкты сактоо максатында «Плоггинг»чуркоосу (таштандыларды терип чуркоо) өткөрүлдү.
Ош шаарында өткөн VII Дүйнөлүк эпостор фестивалынын алкагында “Саркеч көчмөн”иш чарасы биздин музейдин базасында өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө 30дан ашуун мамлекеттен келген делегаттарга музей-комплекс боюнча экскурсия уюштурулду.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институту менен музей тармагындагы илимий иштерде кызматташуу боюнча тегерек стол уюштурулду. Анын жыйынтыгы менен эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду.
Тогуз ай ичинде музей-комплекси боюнча социалдык баракчабызга, ЭлТР, КТРК, ОшТВ каналдарына эфирге чыгуулар болду. «АКИпресс» сайтынын аймактык сайты- Turmush.kg сайтына макалалар, жаңылыктар чыгарылды.
— Чарбалык иштер да көңүл борборунда деп ойлойбуз?
— Сулайман-Тоо корук аймагында тарыхый-маданий жана жаратылыш эстеликтеринин жана музей филиалдарынын айлана-тегерегин тазалоо, актоо жана сырдоо, бак-дарактардын ашыкча бутактарын тартипке келтирүү, жаңы көчөттөрдү отургузуу боюнча бир топ иштер аткарылды. Сулайман-Тоодогу 30 гектар аянттагы бак-дарактарды сугаруу сезонуна даярдык көрүү максатында арыктарды чабуу, суу түтүктөрүн ширетүү, насосторду оңдоп-түзөө, анын тетиктерин сатып алуу иштери аткарылды.
«Сулайман-Тоо» УТАМКсындагы ички жана сырткы туристтерди, зыяратчыларды кабыл алуучу объекттерин сезонго карата даярдоо иштери жүргүзүлдү. Анда көрктөндүрүү, тазалык иштери жана эскерткич, жол көрсөткүч тактайчаларды, туристтик картаны жаңылоо иштери аткарылды.
Музей-комплекстин башкы имараты, Үңкүр музей-комплекси жана Бабур үйүнүн айланасы стратегиялык объект катары атайын күзөт кызматынын кайтаруусуна өткөрүлдү. Музей-комплекстин башкы имаратында жана экспозиция залында оңдоп-түзөө иштери аткарылды. Мындан аркы өркүндөтүү жана жакшыртуу, жалпы материалдык базаларды сактоо, экскурсияга келген калкты тейлөө жана башка багыттагы аракеттерди ийгиликтүү улантууну колго алмакчыбыз.
Маектешкен: К.Кыдыралиева