Социалисттик Эмгектин Баатыры Тургун Машрапова 1928-жылы КараСуу районундагы Кызыл-Ордо айылында жарык дүйнөгө келген. Анын эмгек жолу“Кызыл-Дыйкан” колхозунда башталган.
1945-1958-жылдары “Большевик” колхозунда, 1958-жылдан тартып созхоздо жумушчу болуп иштеген. 1964-жылы КПССтин катарына кабыл алынган. Атайын орто билимге ээ болгон. 95 жаштагы Тургун Машрапова “Ленин жолу” (азыркы “Ош жаңырыгы”) гезити тууралуу мындай ой бөлүшөт.
— Мен 1964-жылы КПССтин катарына кабыл алынгам. Ошол жылы Кара-Суу совхозунун жетекчилиги мени чарбанын пахтачылык боюнча бригадири кызматка дайындады. Пахта терим учурунда почточулар гезиттерди талаа стандарына чейин жеткирип барчу. “Ленин жолу” (азыркы “Ош жаңырыгы”) гезити биздин бригада жөнүндө көп жазган. Ага аябай кубанып калчубуз. Гезит бизди андан ары да мыкты иштөөгө дем берчү. 1966-1970-жылдардын аралыгында биздин бригада карамагыбыздагы 100 гектар пахта аянтынын ар биринен орточо алганда 26 центнерден түшүм алууга жетишип, план 109%ке аткарылган.
1972-жылы 14-декабрда СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен 8-беш жылдыктын план-тапшырмасын ашыгы менен аткаргандыбыз үчүн мага Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы, Ленин ордени жана “Орок жана Балка” медалы ыйгарылган. Менин мында жогорку наамга татыктуу болгондугум тууралуу жагымдуу жаңылыкты “Ленин жолу” жарыялап чыгаргандыгы дале эсимде турат. Ал мезгилде бул гезит жумасына 5 жолу чыкчу. “Бул жаңылыкты гезиттин 80 миңден ашык окурманы таанышты” деп толкундаганмын. Анда азыркы Жалал-Абад, Баткен облустары Ош облусунун курамында эле. Облустун бардык райондорунан мага телефон чалышып: “Сизге жогорку наам ыйгарылгандыгын гезиттен окудук” деп куттукташып, кубанычыма тең ортоктош болушкан. Мен Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп жүргөн учурда 1974-жылы СССР Жогорку Советинин IХ чакырылышынын (1974-1979) депутаттарына шайлоо болуп, ага менин да талапкерлигим көрсөтүлүп калды. Ошондо менин эмгек жолумдагы жетишкендиктерди даңазалоодо, алдыга коюлган программаларымды шайлоочулар арасындагы жеткирүүдө “Ленин жолу” гезитинин эмгеги чоң болгон.
Тогузунчу чакырылыштын биринчи отуруму 16-июнда болуп өткөн. Ага Кыргызстандан шайланган Турдакун Усубалиев, Арстанбек Дүйшеев, Султан Ибраимов, Чынгыз Айтматов, Жумабек Асанкулов, тоңдук чабан Таштанбек Акматов, аравандык пахтачы Тажикан Эрматова, алайлык мугалим Асылкан Арзымаматова, таластык башкарма Акматбек Нуржанов жана башка эл өкүлдөрү менен чогуу катышканбыз.
Кыргызстан Компартиясынын пленумунда мени Борбордук Комитетинин мүчөлүгүнө кандидаттыкка көрсөтүлгөндүгү тууралуу маалыматты “Ленин жолу” гезити дароо элге жайылткан. Бул гезит ар качандан бир качан менин эмгек жолумдагы ийгиликтерди даңазалап, элге жайылтып, жакшылыгымды тең бөлүшүп келген.
Улуу муундардын эсинде, Султан Ибраимов 1966-жылы Ош обкомунун биринчи катчысы келген. Ал бул кызматта 1978-жылга чейин иштеген. Мен билгенден ал киши басма сөзгө олуттуу маани берчү. Обкомдун биринчи катчысы чоң жыйындарда ал облуста жаралган ийгиликтерди, жетишкендиктерди, эмгек алдыңкыларынын тажрыйбаларын гезитке чыккан материалдар менен мисал келтирип турчу.
Ал жыл жыйынтоочу жыйында пахтачылардын жараткан ийгиликтери тууралуу жасаган баяндаманын ортосунда биздин бригада тууралуу “Ленин жолунда” жазылган макала менен бышыктаган. Гезиттерге жасалган мындай мамиле анын кадыр-баркын көтөрүүдө чоң роль ойногон. Анда жарыяланган сын макалалардан сөзсүз жыйынтык чыгарылчу.
Азыр ардактуу эс алуудамын. Кудайым насип кылган экен, быйыл токсон беш жаштын ашын жеп, суусун ичип отурам. Облустун, райондун жетекчилиги аялдардын эл аралык
күнүндө, энелер майрамында мени унутушпайт, ар дайым куттуктап келишет. Ошондо кубанып калам, кийинки муундагылар менин эмгегимди унутпаптыр дешип. Учурдан пайдаланып, тээ илгертен эле алдыңкылардын алгылыктуу тажрыйбаларын эл арасында жайылтып, жаштарды мекенчилдиккке тарбиялоодо чоң эмгек өтөгөн быйыл 85 жашка толгон “Ош жаңырыгы” гезитинде
мурда иштеп эмгеги сиңген ардагерлерди жана
учурда иштеп жаткан кызматкерлерди майрамдары менен куттуктап, аларга ак дилимден чыккан батамды берип өтүүнү туура таптым.
Жараткан силерге узун өмүр, бекем денсоолук берсин. Кетпес дөөлөт, кең пейил берсин. Жаратканым силерге жаратмандыкты тартуулап, чыгармачылыгыңар бийиктей берсин. Бар болгула, алтын балдарым, күмүш кыздарым!
Даярдаган: Төлөнбай Абдыразаков