«Түйшүгү болбой, түшүмү болбойт» — демекчи, ар бир кесиптин өзүнүн түйшүгү да, ырахаты да болот эмеспи. Бир кесипти аркалап, ага өмүрүн арнаган инсандар, жылдап отуруп тажрыйба топтоп, такшалып, ал кесиптин мыктысы болоору бышык. Сөзүмө далил, менин да эмгек жолум газета тармагында башталып, учурда сүйүктүү редакцияда дээрлик 20 жылга чукул эмгектенип келатканым себептир. 2004-жылдын июнь айында шаардык «Ош шамы» гезитине ишке кирип, эмгек жолумдун чыйырына багыт алганмын. Шаардык гезитте эмгектенип жүргөнүмдө устат эжем, белгилүү журналист Гүлзат Газиевадан гезитти компьютерде жасалгалоонун жолун үйрөнүп, ага кызыгуум арткандыктан ал программаны бат эле өздөштүрүп алдым. Кийин 2006-жылдын күздүн акыркы айы болгон ноябрда облустук «Ош жаңырыгы» гезитине которулуп келип, учурда редакциянын казанында кайнап, гезитчил журналист болууга жетиштим.
Айтканга оңой, ойлоп көргөнгө чейрек кылымга жакын өмүр жолум дал ушул уюткулуу «Ош жаңырыгына» арнаганым мен үчүн сыймык. Мен редакциядан такшылдым, чыйралдым, көптү үйрөндүм, дагы деле билбегенимди үйрөнүүгө далалат кылып келем. «Келиндин келгендегиси эсинен кетпейт»-демекчи, мен да «Ош жаңырыгынын» босогосун аттаган күнүм, бүгүн-бүгүнкүдөй көз алдымда. Ал убакта «Ош жаңырыгы» гезитинин башкы редактору, чыгаан журналист, мыкты менеджер, сөзү өткүр, калеми курч, келбети сүрдүү, сөзү орундуу Ташиев Жапаркул Актаевич болчу. Жапаркул Актаевич жөнүндө канча жазсак да, анын эмгектерин тизмелесек да «Ош жаңырыгы» үчүн кылган кызматы дагы деле кесиптештеримдин жылуу пикирине арзып келет. Ошентип, жакшылыктын жарчысы болгон облустук гезиттин жамааты менен бат эле аралашып, алар менен тил табышып кеттим. Ал убакта жамаат арасында мен теңдүү жаш кыздар басымдуулук кылгандыктан, ар бир күнүбүз майрамдагыдай өтчү. Ар аптанын жума күнү гезитти басууга жиберибиз. Ал күнү гезит басууга даяр болгучакты, үйгө кетпей иштечүүбүз. Албетте, азыр деле ошондой, бирок, ал убакта гезиттер жаңы гана компьютерде жасалып, техникалардын сапаты начар болгондуктан, иш ыргагы кыйла эле солгундап турчу. Гезит чыгаар күнү кеч кирип, биз гезит иши менен убара болуп жатканда башкы редакторубуз Жапаркул Актаевич «кыздарымдын курсагы ачты» деп, түрдүү тамак алдырып, курсагыбызды кампайтып тураар эле. Кыш мезгилинде, кардын оор түшүшү, электр жарыгынын бат-баттан өчүшү жумушубузга кедергисин көп эле тийгизчү. Андай убакта, албетте, жарыктын жанышын күтүп, кээде редакцияда таң аттырган күндөрүбүз көп эле болгон.
Ал кезде жооптуу катчы кызматында Абдисатар Султанов агайым эмгектенчү. Ал киши ушунчалык жумшак мүнөзү, адамгерчиликтүү сапаты, атадай акылмандыгы, боорукердиги, өз ишинин майын чыгарган журналист катары эсибизде калды.
Азыр ойлосом, учурда бешинчи башкы редактор менен иштешип жаткан турбаймынбы. Дегенимдей, Ташиевден кийин Гүлжамал Жороева эже башкы редактор болуп дайындалган. Гүлжамал эже менен иштешкен учурда Ош коогалаңы чыгып, элдин эси кеткен учурда, мен да колумдагы жаш балам менен эптеп айылга жетип баргам. Кан күйгөн уруш күчөп турганда, элди ынтымакка чакыруу максатында гезиттин ишин үзгүлтүккө учуратпай, гезитти токтотпой чыгарууга туура келген. Айылга барган күнүмдүн эртеси, редакциянын айдоочусу айылга брондолгон аскер техникасы менен барып, кичинекей наристеми кошо алып, редакцияга ишке алып келген. Ошондо атам ырамаатылык башын чайкап, «Кызым ай, ишиң ушундай жооптуу беле, наристең менен кантээр экенсиң. Элдер шаардан качып жатса, сен кайра барасыңбы? Эми бул өкмөттүн иши да, барбасаң да болбойт»-деп кайгырып, араң узатканы дале эсимде. Ошентип, редакциянын эшигинин сыртына чоң кара кулпту салып бекиттирип коюп, гезит чыгарганыбыз азыр да кесиптештеримдин жадында. Ал эми кийинки жетекчим, жаамы журтка белгилүү, шаардык гезитте башкы редактор учурунда мени ишке алган устат агайым Талантбек Моңолбаев менен иштешип калдым. Талантбек агай шыңга бойлуу, келишкен келбеттүү инсан эле. Талантбек агай ар дайым куйкум сүйлөгөн, ар бир сөзү тамашага чыланган жайдары мүнөздүү жетекчи эле. Бирок, агайдын жини келгенде кирээрге ийин таппай калчуубуз.
Сүрдүүлүгү да жүзүндө байкалган, көп жетекчилерди калеми менен какшаткан, журналисттик кесиптин «күзүрү» эле. Талантбек Моңолбаев агай 2013-жылы мен декреттик өргүүдөн жумушка чыксам, «колуңдан келет, гезитти верстка кылышты билесиң, жазып да жүрөсүң, ушундайда үйрөнүп ал, мага кийин рахмат айтасың» деп, ой-боюма койбой, жооптуу катчы кызматына дайындап койду. Эми кантээр экем деп, кыжаалатчылыктан кайгырып отурсам, фигурасы калпка куйгандай, куурчактай мөлтүрөгөн, ак жуумал жылдыздуу айым кабинетиме кирип келди. Мага өңү тааныш учурап, жылуу саламдаштык. Ал-абал сурашкан соң, «Жаңы келген жооптуу катчы сенсиң да ээ, мен Гүлбара деген эжең болом, жүр түштөнүп келели, шерик бол»-деп калды. Эже менен мурун көрүп жүргөндөй бат эле ынак болуп кеттик. Ал айым учурда ысымын чоң тамга менен жазгым келген, чыгармачылыктан тапкан бир туугандай эжем Гүлбара Мамазияева. Гүлбара эже менин кайгылуу күндөрүмдө кайрат болуп, кубанычымды тең бөлүшүп, чыгармачылыгымды чыйралткан, журналистикага кадамымды таштаткан улуу устатым. Экөөбүз бир кабинетте ошол жылдан бери чогуу отурабыз. Бир нанды чогуу бөлүп, жумуш сапарларына чогуу чыгып, тоо-таш аралап, редакциянын жүгүн бирге артынып келатабыз. Гүлбара эже тамашасы таш жарган, калеми менен «Көкөтөйдүн ашын» таанытып койгон күчтүү калемгер.
Гүлбара эже редакцияга келгенде баарынын маанайын көтөрүп, редакциянын атмосферасын өзгөртө алат. Дегинкиси чыгармачыл адамдардын иши да, жашоосу да көп кызыктарга бай келет эмеспи. Гүлбара эже экөөбүз алыскы Алайкууну айланып, Чоң-Алайдын чокуларына чыгып, Алайдын Нура айылына чейин барып, жети районду түрө кыдырып, элдин турмушун жеринен көрүп, андагы маалыматтарды жазып келебиз. Устатым жөнүндө канча жазсам да аздык кылат. Экөөбүз баскан жолдорду кагаз бетине башка ирет түшүрөөрмүн. Ал эми, редакциянын сулуусу жана улуусу Бурма Ысакова эжемин шайыр мүнөзү дагы деле редацияны шаңга бөлөп турат. Ал эми апамдай мээрим берген Динара Жусупбекова эжемдин баскан турганы, кыймыл- аракети, салабаты апамды элестетип турат. Сөздү да орду менен сүйлөгөн, өмүрүн «Ош жаңырыгына» арнаган Динара эжемди көргөн сайын апамды көргөндөй жүрөгүм толуп тураарын жашырбайм. Ал эми учурда жооптуу катчы кызматты жон териси менен аркалаган Канымжан Кыдыралиева эжекем бир сөз менен айтканда редакциянын «жүрөгү». Ошондой эле, улуу муундагы эжелерим менен теңтайлаш жетилген Айгүл Матиева эжем калеми менен катылгандын катыгын берген чыгаан журналист айым. Редактордун орун басары раматылык Алмаз Нурдинов агайым «Ош жаңырыгы» үчүн күйгөн, гезиттин кадыр-баркын жакшы билген, тажрыйбалуу журналист, жазуучу эле. Кесе сүйлөгөн, буйрукту катыра берип, иштин майын чыгарган жетекчи эле. Баса, Алмаз агайыбыз облустук Журналисттер союзунун төрагасы болуп турган кезде, «Кыздар «Ош жаңырыгынын» келечектеги муунусуңар, документтериңерди даярдагыла, силерди журналисттер союзуна мүчө кылууга көрсөтөм, эмгегиңер ушул менен бааланат»- деп, Гүлбара Мамазияева эжекем экөөбүздү КРнын Журналисттер союзунун мүчөсүнө өткөрүп, жаркыраган төш белги таккан эмгегине али күнчө ыраазы болуп, агайдын жаркын элесин эстеп турабыз.
Кийин Маматазим Жуманазаров агай башкы редакторлуктун чылбырын кармап, агай менен дээрлик 10 жылдай бирге иштештик. Маматазим Осмонович, нарагынан жөнөкөй, жазганда өзгөчө стили бар, жумшак мүнөздүү инсан. Агайга редакциянын кызматкерлери кыйла эле эркеледик окшойт. Маматазим Жуманазаров жетектеп турганда «оптимизация» деген балекетке учурап, телевиденинин катарына кошулуп, кыскарууларга дуушар болуп, редакциянын иши бир кыйла солгундаганына карабай, гезитти убагында чыгарып, окурмандарга тартуулап турдук. Жети дубандын башкы редакторлору биригип, бийлик өкүлдөрү менен тирешип жүрүп, ушул жылдын башынан редакциялар өз макамын кайтарып алды. Ал эми учурдагы иштешип жаткан башкы редакторубуз көпчүлүккө башы көрүнгөн, курч, жаш, идеяларга бай, котормочу катары да коомчулукка таанылган Асанбек Каракозуев. Асанбек мырза жетектегенден берки кыска убакытта редакцияда бир кыйла өзгөрүүлөр жүрүүдө. Мындайча айтканда өсүүлөр орун алууда. Асанбек мырза заман агымына ылайык гезитибиздин сайтын ачып, интернет желелеринде атайын баракчаларды ишке киргизди. Район жетекчилер, мекеме-ишканалар менен жеринде сүйлөшүүлөрдү алып барып, гезиттин жазылуу маселесин колго алды. Ал эми жакында сүйүктүү гезитибиздин 85 жылдыгын белгилөө үчүн демөөрчүлөрдү тап, даярдыктарды көрүүдө. Асанбек Пазыл деген ысым менен көпчүлүк чиновниктердин «жүрөгүнө колун салган» жетекчибиздин аркалачу иштери али алдыда. Редакциянын жамааты союз доорун башынан өткөрүп, эгемендүүлүктүн эпкинин көргөн, чыгармачылыктын чыйырында чыйралган, калеми курч журанлисттерге бай. Мен чогуу эмгектенген калемдештеримдин ар бири өзүнчө шык-жөндөмгө эгедер, ар кандай ак сөзгө арзый турган адамдар экенин айтпасам калыстык болбос. Тарыхта өз орду бар басылмада көөнөрбөс эмгектери менен калк оозуна алынган инсандар да көп.
«Ош жаңырыгы» 85 жыл ичиндеги оомал-төкмөл заманда бет алган жагынан кайтпай, кара кылды как жарган калыстыгынан танбай, өмүр кечирип келе жатат. Мен да облустук гезиттин түйшүгүнө көндүм, тоо-ташты аралап, элет турмушун өз көзүм менен көрдүм. Жакшы тааныштарды, ынак досторду ашырдым, чыгармачылыгыма өбөлгө таптым. Көптөгөн семинар-тренингдерге катыштым, сыйлыктарга ээ болдум. Чыгармачылык менен көп инсандарга жардамымды бердим. Мындай дегениме бир мисал келтирсем, Оштогу «Наристе» атындагы өзгөчө балдарды тарбиялоочу балдар бакчасы жабылууга дуушар болуу алдында турганда, ал бакчанын жетекчиси менен маектештим. Материал гезит бетине жарыяланган соң, бул жагы Баткен, Жалал-Абад облустарынан бери жарандар телефон чалышып, алардын кызматына муктаждар көп экени белгилүү болгон. Өзгөчө наристелерди тарбиялаган бакчанын кызматын пайдалангандардын саны артып, бакча өз базасын кеңейтүүгө мажбур болгон. Ошондо бакча жетекчиси Зебо айым, өзгөчө балдарды туура тарбиялап, билим берүүгө, аларды өстүрүүгө көмөгүңүздү кошконуңуз үчүн ыраазычылык билдирем дегенде, жүрөгүмө батпай кубанганмын.
Учурда да ал бакча өз ишмердүүлүгүн үзгүлтүккө учуратпай иштеп келүүдө. Жалпыга маалым болгондой гезит жаңылыктын эле эмес, коомдун талабына ылайык жакшылыктын жарычысы катары кызмат өтөөрү теңдешсиз күч. Кайсыл гана багытта болбосун анда жарыяланган материалдардын ой-толгоосуна төп келсе, ал гезит окурмандарынын калың катмарынан орун табаары турган кеп.
Мезгилдин күрөө тамыры менен күрүлдөп аккан «Ош жаңырыгымды» мааракеси менен куттуктаймын. Кылымдарды карытып, калк кызматында бар болсун ылайым.
Н.ӨМҮРЗАКОВА, КР Журналисттер союзунун мүчөсү