Расмий маалыматтарына таянсак, Кыргызстандын аймагында тоюттун бай жана арзан булагы болуп саналган жайыт жерлер 9 миллион гектардан ашык аянтты түзөт. Ал 1 миллион 750,4 миң ири мүйүздүү малды, 547,2 миң жылкыны, 6 миллион 2890 кой-эчкини, 6 миллион үй-канаттууларды асырап, аларга зарыл болгон тоютту топтоо кызматын аткарып келе жатат. Бирок, жайыттар кароосуз калып бараткандыгын моюнга алууга тийишпиз. Бул маселеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров өзү көңүл буруп, КР айыл чарба министрлигине атайын тапшырма берген болчу. Ушул иш-чаралардын алкагында быйылкы жылы министрликке бюджеттен 30 млн. сом бөлүнүп, ага Россия Федерациясынын Ставрополь крайындагы үрөнчүлүк чарбасынан 99 тонна 500 кг жайыт үрөн алып келинген. Ал 10 миң гектар аянттагы асылдуулугу төмөн, кунарсыз жайыттарга себилди. Бул багытта кандай жумуштар аткарылгандыгы тууралуу айрым адистер өз ойлорун минтип бөлүшөт.
Кунарсыз жайыттар жашылдандырылат
Кубанычбек Эшимбеков – КР айыл чарба министрлигине караштуу жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу бөлүмүнүн башчысы.
— 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышкан кеңешмеде жайыттардын абалы, көйгөйлөрү аны чечүүнү талап кылган маселелер каралган. Андан кийин Президенттин жайыттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча атайын Жарлыгы чыккан. Анын негизинде КР айыл чарба министрлигине мамлекеттик бюджеттен 30 млн. сом бөлүнүп, ага Россия Федерациясынын 99 тонна 500 кг жайыт үрөн алып келинген. Үрөндүн бул түрү биздин республикада союз мезгилинен бери эле пайдаланып келген. Биздин шартка абдан ылайыктуу. 2 жыл мурда бул үрөндүн 1 тоннасы КирНИИЖден сыноодон өткөрүлдү. 54 гектар аянтка сепкенде, анын 98 пайызы өнүп чыгып, илимий кызматкерлердин атайын корутундусу алынган болчу. Анын 94 тонна 410 килограммын республикадагы айыл өкмөттөрүндөгү жайыт комитеттерине бөлүп бердик. Андан сырткары, 5 тонна 90 килограммын КирНИИЖге калтырдык.
“Кыргызгипрозем” мамлекеттик ишканасынын берген маалыматы боюнча республика боюнча алганда кунарсыз жайыттардын аянты 1 млн. 600 миң гектарды түзөт. Анын ичинен быйыл 10 миң гектар асылдуулугу төмөн, кунарсыз жайытка үрөн себүү жумушун уюштурдук. Үрөн себүү алдында жети дубандын баарында атайын окуулар уюштурулду. Анда үрөн себүүнүн технологиялары талкууланып, аны аралаштырып, айрым, айрым бөлүштүрүлүп себүү ыкмасы талкууланды. Үрөн себүү башталганда КР айыл чарба министрлигине караштуу жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу бөлүмүнүн адистери тарабынан аймактарда көчмө семинарлар уюштурулду. Ага райондук мамлекеттик администрация башчыларынын биринчи орун басарлары, жайыт комитеттердин, айыл өкмөттөрдүн башчылары катышты.
Аткарылып жаткан жумуштар тыкыр көзөмөлгө алынды. Окумуштуулардын берген кеңешине ылайык үрөн 25-сентябрдан 26-ноябрга чейин себилиш керек болчу. Ага ылайык атайын график түздүк. Бүгүнкү күндө республиканын бардык райондорунда үрөн себүү жумуштары аяктады. Аткарылган жумуштар боюнча ыкчам маалымат алып турдук. Үрөн себилген аянттарга малды жайбоо, анын эс алууда турушу тууралуу түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүү боюнча тапшырма бердик. Жергиликтүү айылдык кеңештердин депутаттары, айыл өкмөттөрдүн башчылары аны корукка алууну уюштуруусу зарыл. Үрөн себилген аянтты коргоо зарыл.
Акаева Бегимай – Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси.
-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги №202-т сандуу тескемесине ылайык, райондун аймагындагы Савай, Ак-Таш, Кашкар-Кыштак, Нариман, Шарк, Жоош, Отуз-Адыр, Мады, Кызыл-Суу, Катта-Талдык, Жаңы-Арык, Папан, Кызыл-Кыштак айыл өкмөттөрүнөн аймактарындагы жайыт комитеттерине Россия Федерациясынын алынган 761 килограмм үрөн бөлүнүп берилип, 1 гектарга 10 кг үрөндүн 6 сортун аралаштырып, эсептеп себиле тургандыгын түшүндүрүп беришти. Август айында атайын окутуулар, Мады айыл өкмөтүндө атайын семинар өткөрүлдү. Октябрь айында министрлик тарабынан аба-ырайынын кандай келе тургандыгы тууралуу болжолдуу маалымат берилди. Жамгыр жаай турган күндү белгилеп, себүүгө сунуш берди. Үрөндөрдү себүү 15-октябрда Шарк айылында башталды. Райондун аймагында жалпысынан алганда 80 гектар кунарсыз жайыттарга үрөн агротехникалык эрежелерге талапка ылайык себилди. Аткарылган иштер боюнча маалымат берилип турулду. Азыр айыл аймактарда үрөн себилген аянттарды коргоо боюнча иш-чаралар белгиленип, ал жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл өкмөттөрү менен макулдашуу аркылуу жүргүзүлүп жатат. Муз ордунан козголду.
Турдиев Таалайбек – Ноокат районундагы Көк-Бел айыл өкмөтүндөгү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы.
— Биздин райондун эң четинде турган айыл өкмөттө сугат жер жокко эсе, жерлерибиздин басымдуу көпчүлүгү кайракы. Жарандарыбыздын турмуш-тиричилиги мал чарбасы менен тыгыз байланышта. Малды, анын төлүн сатып оокат кылышат. Жайыт бизде бир аз тартышырак. Тескей тарапка май айынан тартып, чыгара баштайбыз. Мал чөп орулгандан кийин үлүш жерлерге жайылат. Расмий маалымат боюнча алганда бизде 417 ири мүйүздүү мал, 2000ден ашык кой, 100гө жакын эчки бар. 450 жылкы бар. Жергиликтүү Кеңештин депутаттардын чечими менен жылкы менен кара малга 120, кой-эчкиге 70 сомдон акы алуу белгиленген. Малдарыбыз Эш жана Кичи-Алайдан бери жайгашкан Кайыңды деген жайлоолорго чыгат.
Ачыгын айтсак, кийинки жылдарда жайытка ойдогудай көңүл бурулбай, анын көйгөйлөрү көбөйүп кеткен. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жайыттарды натыйжалуу пайданануу боюнча атайын Жарлыгы чыккандан кийин муз ордунан козголду. Анын негизинде быйылкы жылы Россия Федерациясынын алып келинген үрөн алыста жайгашкан биздин жайыт пайдалануучулар бирикмесине жеткирилди. Биз үрөндү Эш жайлоосуна жакын жайгашкан Ат-Чабар участкасындагы 1040-контурда жайгашкан аянтка септик. Аны коргоо жагын чечүүнүн жолдорун изденип жатабыз. Анткени, келечекте андан алынган үрөндү башка аянтттарга да себүү тууралуу ойлор бар.
Бетти даярдаган: Төлөнбай Абдыразаков.