Көп улуттуу Кыргызстанда «Көп тилдүү билим берүү программасы» иштей баштаганына бир топ жыл болду. Бул долбоордун башкы максаты – Ош шаарында жана Ош облусунун райондорунда көп тилдүү билим берүү программасын ишке ашырууга көмөктөшүү аркылуу маданий көп түрдүүлүктү жайылтуу болуп эсептелет. Анткени, өлкөдө өз тарыхы, тили, маданий өзгөчөлүктөрү тарыхый жактан калыптанып калган ондогон этностук топтор жашайт. Мектептерде негизинен кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде билим берилет. Бир катар мектептерде уйгур, корей, дунган тилдерин үйрөнүү боюнча класстар уюштурулган. Мына ушундай өңүттөн алганда, өлкөдөгү бардык этностордун улуттук биримдиктин талабында өнүгүшү үчүн шарттарды түзүү маанилүү.
«Бүгүнкү күндө бул багытта билим берүүгө Президент жана Өкмөт тарабынан көп көңүл бурулууда. Ош шаарындагы №8 Максим Горький атындагы мектеп-гимназиясы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тандоосу менен 2015-жылдан бери шаар боюнча тандалган пилоттук мектептердин бири болуп саналат. Мектеп-гимназиясында көп улуттун өкүлдөрү билим алышат. Мектепте негизинен окутуу орус, өзбек тилинде жүргүзүлөт. Максаттуу тил катары кыргыз тили тандап алынган. Айрым предметтер толук кыргыз тилинде өтүлөт. Мектеп окуучулары бир гана өзүнүн окуган тили менен чектелбестен, мамлекеттик тилди да мыкты окуп үйрөнүп жатышат. Бул ыкма окуучулардын тил билүү деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзүүдө», — дейт мектеп директору Зульфия Кадырова.
Көп тилдүү билим берүү азыркы учурда бүтүрүүчүлөргө толук кандуу келечекти камсыздайт. Анткени бүтүрүүчүлөр Кыргызстанда же КМШ өлкөлөрүндө билим алуу менен чектелбестен, башка мамлекеттерде (АКШ, Германия, Япония ж.б.) билим алгысы келет. Ошон үчүн окуучуларга кеминде эле үч тил үйрөтүү зарыл. Алар: мамлекеттик тил- кыргыз тили, расмий тил – орус тили жана дүйнөлүк тил – англис тили. Ушул үч тилди мектепте жакшы өздөштүрө алышса, алар адис катары да, өзү жашаган өлкөнүн жараны катары да чоң артыкчылыктарга ээ болушат.
Аты аталган мектеп-гимназиясы «Көп тилдүү билим берүү программасы» боюнча тажрыйбалуу мектептердин катарына кирет. Анда КТББ боюнча ресурстук борбор түзүлгөн.
«Көп тилдүү билим берүү программалары билим алуунун түрдүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүп берүүдө. Ошондуктан бардык мектептерде көп тилдүү билим берүү чөйрөсүн түзүү маанилүү», — дейт мектептеги ресурстук борбордун жетекчиси Венера Калыбекова.
Бүгүнкү күндө бул мектепте дээрлик 41 класс бар жана алардын ичинен 14ү көп тилдүү программа менен иштеп келүүдө. Бул жерде “көп тилдүүлүк” деген тил сабактары көп окутулат дегенди билдирбейт. Тескерисинче, мугалимдер ар бир класста бирден ашык тилди колдонуп, кадимки предметтерди окутушат. Мисалы, сабакты үч бөлүккө бөлүп өтсө болот. Сабактын негизги бөлүгү – мисалы, жаңы концепцияларга киришүү – бул окуучулардын эне тилинде өтүлөт. Ал эми сабактын калган бөлүктөрү “максаттуу тилдерде” окутулат.
Айрым класстарда өзгөчө басым бир тилге жасалат. Мисалы, география негизинен орус тилинде, ал эми тарых предмети кыргыз тилинде окутулат. «Көп тилдүү билим берүү» (КТББ) программасын ата-энелер, мектеп жамааты түшүнүү, кубануу менен кабыл алышууда. Биргеликте өткөрүлгөн жыйында ата-энелер тарабынан бул багытта көп жаңы ой-пикирлер, сунуштар айтылып жатат.
«Бул программа аркылуу балдар көп тилде билим алуу менен чектелбестен, көп түрдүү маданияттарды да үйрөнөт экен. Ошондой эле, Кыргызстанда башка улуттар менен толеранттуу мамиледе болуп, достукта жашоого тарбиялануусу ата-энелерди да кубантып жатат»,- дейт кыргыз тили мугалими Халида Мурзаева.
Көп тилдүү билим берүү программасы менен иш алып баруунун негизги себептеринин бири – балдарга жогорку билим алууга көбүрөөк шарт түзүү үчүн зарыл болду. Бүтүрүүчү класстын окуучулары жогорку окуу жайга өтүү үчүн ЖРТга катышууга милдеттүү. Сынак орус жана кыргыз тилдеринде өткөрүлгөндүктөн, өзбек тилинде билим алгандар үчүн абдан оор болот. Учурда кыргыз жана орус тилдерин жакшы өздөштүрө баштаган балдар мектептер арасындагы олимпиадаларга ийгиликтүү катышышууда.
Көп тил билген муунду тарбиялоо — улуттук ынтымакты бекемдөөгө, өнүгүүгө өбөлгө түзөт. Программанын артыкчылыгы мектеп мугалимдери сүйлөө көнүгүүлөрүн бекемдөө жолдорун көрсөтүү үчүн мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде сабак өтүшөт. Балдар тапшырмаларды түшүнүп, мугалимдерге үч тилде жооп беришет. Билим берүү тармагынын адистеринин айтуусу боюнча, бул программа 2025-жылдан баштап республиканын бардык мектептерине жайылтылат. Көп тилдүү билим берүү – заман талабы.
Айгүл Матиева