— 2023-жыл Кара-Кулжа районуну үчүн жемиштүү жылдардан болду. Аткарылган иштер боюнча айтсак, көп жылдан бери чечилбей келген социалдык обьектилер, жол, таза суу жана башка маселелери жылдан жылга чечилип жатат.
2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 60,9 млн. сомго Кызыл-Жар айылдык аймагындагы «Сагындык» атындагы орто мектеби, Капчыгай айылдык аймагынын Кара-Таш айылындагы «Ы.Жорокулов» атындагы орто мекетеби 97,7 млн. сомго, Сары-Булак айылдык аймагынын Тегерек-Саз айылындагы «Б.Эркинбаев» атындагы орто мектеби 53,8 млн. Сомго курулуп пайдаланууга берилди. Ал эми, 63,8 млн. сомго «Ж.Абидинов» орто мектебинин курулуш иштери бүтүү алдында турат буюрса, 2024-жылдын 1-кварталында пайдаланууга берилет.
Ошондой эле, 2023-жылы төрт балдар бакчалары ишке берилди. Төрт ачык типтеги футбол аянтчалары ишке берилди. Калктын ден соолугуна кам көрүүдө 4 фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) ишке берилип, 1 фельдшердик акушердик пункт (ФАП) катиталдык ремонттон өткөрүлдү.
Алайкуу айылдык аймагынын Көк-Арт айылына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 8 млн. 60 миң сом, Ош облусутук өнүктүрүү фондунун эсебинен 2 млн. 351 миң сом, жалпы 10 млн. 411 миң сомго жарандарды паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн имаратынын курулуш иштери толугу менен бүткөрүлдү.
Калкты электр энергиясы менен камсыздоо максатында Чалма айылдык аймагыны Буйга айылында 0,450 МВт чакан ГЭС 25 млн. сомго курулду. Ошондой эле, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу эл аралык унаа жолуна жалпы 8,2 чакырым жолго республикалык бюджеттин эсебинен 49 млн. сомго асфальт төшөлдү. Ички чарбалык жолдорду жакшыртуу максатында 8,4 млн. сомго 74,5 чакырым жолго шагыл төгүлүп, 11,9 млн. сомго көчөлөрдү жарыктардыруу иштери жүргүзүлдү.
Кара-Кулжа айылдык аймагынын 1-Май айылынын тургуну, жеке ишкер Ободоев Аскарбектин демөөрчүлүгү менен 20 млн. сомго 1-Май айылындагы «Көк-Жар» көпүрөсү курулуп бүткөрүлдү. Ал эми, Алайкуу, Чалма айылдык аймактарынын алыскы жайыт жолдоруна баруучу жолдорго демөөрчүлөрдүн жана долбоорлордун эсебинен 1 млн. 480 миң сомго 4 көпүрө салынып пайдаланууга берилди.
2023-жылы Кыргыз Республикасынын түрткү берүүчү грантына райондун аймагынан жалпы 23 млн. 831,8 миң сомдук 9 долбоор кабыл алынып, бүгүнкү күндө долбоорлор толугу менен ишке ашырылды.
Ал эми Кара-Кулжа райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 2023-жылга жалпы 25 млн. 253,1 миң сомдук 24 долбоор кабыл алынган. Анын ичинен 21 долбоор социалдык багыттагы, 3 экономикалык багыттагы долбоорлор бүткөрүлдү. Калкын таза суу менен камсыз кылуу максатында Кызыл-Жар айылдык аймагынын Коо-Чаты, Чычырканак, Күйө-Таш, Кызыл-Жар айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында Дүйнөлүк банк аркылуу 49,0 млн. сомдук таза суу системасынын курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми, Алайкуу айылдык аймагынын Көк-Арт, Кан-Коргон айылдарында республикалык бюджеттин эсебинен жалпы 53,2 млн. сом акча каражаты бөлүнүп, бүгүнкү күндө Көк-Арт айылындагы таза суу системасы курулуп бүткөрүлдү. Ошондой эле, Кан-Коргон айылында таза суу системасынын курулуш иштери жүрүп жатат.
Чалма айылдык аймагынын Токбай-Талаа айылындагы “Коңурат” участкасына “Исар” кайрымдуулук фондунун эсебинен 2 млн. сом, демөөрчүлөрдүн эсебинен 650 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 470 миң сом, элдик жамааттын эсебиенен 1 млн. 545 миң сом жалпы 4 млн. 665 миң сомго ичүүчү таза суу чыгарылып пайдаланууга берилди.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси жана жергиликтүү тургундардын жардамы менен Чалма жана Кенеш айылдык аймактарынын 2 тургунуна турак жай салынып берилди. Ошондой эле, спорт тармагында чоң жетишкендиктер болду десем болот.
Жорокул уулу Куткелди Кара-Кулжа айылдык аймагынын тургуну, Санкт-Петербург шаарында өткөн грепплинг боюнча Дүйнө биринчилигинде 1-орунду жеңип алды. Эркебай уулу Бектен Сары-Булак айылдык аймагынын тургуну Ереван шаарында өткөн күжүрмөн самбо боюнча Дүйнө биринчилигинде 3-орунду жеңип алган.
Камилжан уулу Азамат Кашка-Жол айылдык аймагынын тургуну Иордания мамлекеттинин Амман шаарында Грека-Рим күрөшү боюнча өткөн 20 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатында 3-орунду ээлеген. Урубаев Агабек жеңишбекович Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн тургуну Турциянын Силиври шаарында болуп өткөн Даун Синдрому жана аутизм ооруларына чалдыккан балдардын арасында өткөрүлгөн жеңил отлетика боюнча мелдеште 10 өлкөнүн ичинен 2-орунду багындырган.
Аймактарды өнүктүрүү ишинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн аракети, талыкпас эмгеги, эл үчүн болгон таза пейили чечүүчү роль ойнойт деп баса белгилеп айтсак болот. Ошондуктан чакан жана орто ишкерлик үчүн жагымдуу экономикалык чөйрөнү жана бизнес климатты түзүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшап келебиз. Кызыкдар ишкерлер чакан ГЭСтерди куруу боюнча өз сунуштары менен кайрылып, бүгүнкү күндө 2 долбоордун үстүндө иш алып барылууда. Ошондой, Кашка-Жол айылдык аймагында 25,4 га жер аянты кыш завод салуу үчүн өндүрүштүк багытка которулуп даярдалган. Кызыкдар ишкерлер болсо жер аянтын берүүгө даярбыз. 2024-жылга ар бир айыл өкмөтү боюнча аткарылуучу иштерди аныктап алып, алгылыктуу иштерди колго алышыбыз биздин атуулдук парзыбыз.
Кара-Кулжа элинин жана өзүмдүн атымдан 2024-жаңы жылмайрамы менен чын дилден куттуктап кетмекчимин! Президентибиздин мамлекетти өнүктүрүүгө жасап жаткан аракеттерин жапа тырмак колдоого алып, ишке ашырылып жаткан реформалар өлкөнүн өнүгүшү үчүн кубаттуу импульс болушун каалаймын.
2024-жылды баарыбыз чоң үмүт, ишеним менен тосуп жатабыз. Бул жылы баарыбыздын үмүт тилектерибиз ишке ашып, мамлекетибизде тынчтык, өсүп-өнүгүү болуп, Жараткан элибизди жамандыктан, бөөдө кырсыктардан сактасын. Асманыбыз дайыма ачык болсун!
Назгүл Өмүрзакова