УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 27-январь күнү Кара-Суу шаарындагы З. Бабур атындагы мектептин короосунда Кара-Суу районундагы базарлардын соодагерлери менен жолугушуу үчүн келди. Анын алкагында Ташиев Кара-Суу шаарындагы «Туратали» базарынын жанында курулуган соода борбору менен таанышкан. Аны менен кошо Президенттин Администрациясынын уюштуруу иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Болот Узакбаев, Президенттин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Кадыралиев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев барышкан.
Анда Камчыбек Ташиев «Кара-Суу базарынын картасы» деген карта менен таанышкан.
«ЭЛТР» телеканалынын «Фейсбуктагы» баракчасына жаыяланган видеодо Камчыбек Ташиев Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Президенттин Администрациясынын уюштуруу иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Болот Узакбаев, Президенттин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Кадыралиев менен кошо «Туратали» базарына барганы тартылган.
Анда видео Болот Узакбаев: — 12 гектар (Туратали базарынын аймагы ред.Ош жаңырыгы) жер мына сары менен белгиленип турган жер.
Камчыбек Ташиев: — Бир, эки, үч, төрт, базарды жаңы куруп алышыптыр ээ?
Болот Узакбаев: — Бул 12 гектардан сырткаркы жер. Бул жерди караңыз, мобул жерлер. Мырзакмат уулу Ырысбек, мобул жерде да да бар Мырзакмат уулу Ырысбектики.
Камчыбек Ташиев: — Мырзакматовдукубу?
Болот Узакбаев: — Мобул төртүнчү, бешинчи, мобул катар, мобул катар Мырзакмат уулу Ырысбектики.
Камчыбек Ташиев: — Давайте, санап чыгалычы, ошол Мелис Мырзакматовдун канча жерлери бар экен?70-80, 130, 150 экен, жок, 160 экен, Мелис Мырзакматовдуку.
Азамат Кадыралиев: — 1,5 гектардай жери бар экен. 500дөн ашык контейнери бар экен.
Андан ары Азамат Кадыралиев «Туратали» базарынын жанына салынып жаткан соода борбордун долбоорун көрсөткөн.