Бүгүн, 2-февраль күнү БШК «Альянс» партиясынан Айсулуу Мамашованы Жогорку Кеңешктин депутаты кылып каттады. Ага Фарходбек Алимжановдун ваканттык мандаты берилгени белгилүү болду.
Алимжановдун диплому жасалма экени айтылып, БШК мандатынан ажыраткан.
Мамашовага депутатка берилүүчү документтер- күбөлүк жана депутаттык төш белги берилди.
Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Ата-Мекен» партиясынан депутат болгон.