Москва облусундагы кандуу окуяга байланыштуу изделип жаткан унаа Брянск облусундагы жолдо токтотулуп, алдын ала маалымат боюнча эки адам кармалды, деп жазат «Осторожно, новости» Телеграм каналы.
Аталган Телеграм каналдын маалыматына ылайык, жогорудагы маалыматтарды анонимдүү булак тастыктаган.
«Соц. тармактардагы маалыматтар боюнча терактка байланыштуу изделип жаткан унаанын ичинде Орто Азия өлкөлөрүнүн биринин жарандары бар. Бирок, бул маалыматтын тастыктоочу факты жок. Ошондой эле, аталган унаадагы адамдар терактка тиешеси бар же жоктугу боюнча маалымат да тастыктала элек»,- деп жазат «Осторожно, новости» Телеграм каналы.
Сүрөттөр «Осторожно, новости» Телеграм каналыныкы
«Крокус Сити Холлдогу» кандуу окуядан кийин 60тан ашуун адам каза таап, 145 адам ооруканада жатканы маалым болду. Анын ичинен 9 адам өтө оор абалда экени айтылды.
Кечээ, 22-март күнү Москва облусунун түндүк-батышында жайгашкан «Крокус Сити Холлдун» концерт залында белгисиз адамдар ок атышкан. Андан соң имаратта жарылуунун үндөрү угулуп, өрттөнө баштаган.