УКМКнын ыкчам маалыматына ылайык, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Баку шаарында экендиги аныкталды.
Атайын кызматтын маалымат борбору кабарлагандай, буга байланыштуу УКМКнын маалыматы боюнча аны кармоо тууралуу азербайжан тарапка кат жөнөтүлгөн. Учурда азербайжандык кесиптештер аны кармоо жана андан ары Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин иштеп чыгууда.
«Ошол эле учурда ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Райымбек Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып жаткан Азербайжандан келген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экендиги такталды»,- деп айтылат маалыматта.
УКМК кызматкерлери Кыргызстандын аймагынан Азербайжандан келген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн: Алиев В.М., Багиров С.А., Асгаров М.О., Бехбудов М.С., Мамедов З.И.ни кармашкан.