Москва шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон теракт тууралуу сүйлөшкөнү үчүн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлиги тастыктаганын бир катар ЖМКлар жазды.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын жараны А.Ж.А.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 1-беренесинин 205.2-бөлүгү (терроризмди ачык актоо) боюнча кылмыш иши козголгондугу тууралуу алгачкы маалымат Россиянын компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнөн алынган.
«КРдин Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүгү жогорудагы кылмыш иши боюнча алдын ала тергөөнүн жүрүшү тууралуу толук маалымат алуу үчүн Россиянын тергөө органдарына тиешелүү суроо-талаптарды жөнөткөн.
Ушуга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган мекендешке зарыл болгон учурда элчилик тарабынан консулдук-укуктук жардам көрсөтүлөт», -деп айтылат маалыматта.
Жогорудагы маселе КРдин Тышкы иштер министрлигинин жана КРдин РФдагы элчилигинин көзөмөлүндө турат.