Учурда дүйнө жүзү боюнча илек-илектерге же ак-кунастарга санак жүрүүдө. Кыргызстанда байырлаган бул канаттууларды саноо ишин NABU-Кыргызстан уюму колго алып, Бишкек жана Ош шаарларындагы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан саноо жумуштары аткарылды. Бул тууралуу аталган уюмдун “Мониторинг” бөлүмүнүн башчысы Жыргалбек Сагындыков билдирди.
Анын айтымында, аталган канаттууларды саноо иш-чарасы эки этап менен өткөрүлөт. Азыр биринчи санактын жыйынтыгы чыгуу алдында турат.
“Азыр биринчи санакты өткөрдүк. Алардын жалпы жыйынтыгын маалыматтык базага киргизип, ар бир санак жүргүзүлгөн аймакты анализдеп жатабыз. Ушул жылдын күз айларында кайталап экинчи санакты жүргүзөбүз. Ошондон соң Кыргызстандын аймагында бул канаттуулардын жалпы саны боюнча так маалымат берилет”,-деди Сагындыков.
Илек-илектер негизинен Кыргызстандын түштүк аймагында: Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун айрым жерлеринде байырлайт. Алар саздак талааларга жакын жашап, бака, жылаан жана башка суу баскан аймактардагы майда жандыктар менен азыктанышат.
Анын илимий аталышы – Ciconia-ciconia. Бою – 100-120 см. Канаттарын жайганда 155-200 см.ге чейин жетет. Чоң илек-илектердин салмагы – 5 кг. Орто эсеп менен 20 жыл жашайт. Адистердин айтымдарында илек-илектердин кесикин азайып кетишине саздардын кургашы, дың жерлердин өздөштүрүлүшү себеп болгон. Убагында Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында кездешкен. Кийин таптакыр байырлабай калып, акыркы жылдары гана учуп келе баштаган. Бул ири куштарды кармоого 1952-жылдан тартып тыюу салынып, 1975-жылы “Кызыл китепке” киргизилген.