Польшада өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдештин финалында кыргызстандык эки спортчу кез келип, бирок, бири-бири менен күрөшүүдө баш тартышты.
Амантур Исмаилов менен Раззак Бейшекеев 67 кг чейинки салмакта турнирдин финалында күч сынашмак. Спортчулар килемге чыкканда Раззак Бейшекеев атаандашы менен күрөшүүдөн баш тартып, Исмаилов жеңүүчү деп табылды. Жыйынтыгында Амантур Исмаилов алтын, Раззак Бейшекеев күмүш медалдын ээси болду.