«Алдамчылык» фактысы боюнча кармалган уюшкан кылмыштын мүчөсү болгон маркум Алманбет Анапияевдин бир тууганы камакта калтырылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 3-июлундагы токтомунун негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган.
Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен шектүү А.Г.М. карата бөгөт коюу чарасынын камак түрү 2024-жылдын 1-августуна чейин тандалган.
Буга чейин, УКМК жергиликтүү тургундардын ишеничине кирип, «ДСШ» үлгүсүндөгү көмүрдү көп өлчөмдө жана арзан баада (1 кг көмүрдүн баасыy 1,6 сомдон) сатууга убада берип, алдоо жолу менен 100 миң АКШ долларын алып кеткен. Кийин ал убадасын аткарбай, ар кандай шылтоолор менен алган акчасын кайтаруудан баш тартканы үчүн ири өлчөлдөгү алдамчылык фактысы менен А.Г.М. жаран кармалганын билдирген.
«Алдамчылык» фактысы боюнча кармалган А.Г 2015-жылы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы болуп турганда 30 миң сом пара алып жактан керинен кармалган.
Шектүү А.Г иниси уюшкан кылмыштын мүчөсү болгон маркум Алманбет Анапияев 2015-жылы феврал айында Минск шаарында киши колдуу болгон.