Кечээ, 12-июль күнү Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунда 20 жашка чейинки курактагы футболчулардын арасында Борбор Азия чемпионатынын алкагында Өзбекстан курамасы менен Тажикстан курамасы кез келди.
- Эскерте кетсек, эки команда тең өз тайпаларында экинчи орунду алышкан.
Биринчи таймдын башында эле өзбек курамасы эсепти ачууга жетишти. Тактап айтканда, биринчи таймдын 3-мүнөтүндө Тажикстандын коргоочусу топту дарбазачыга ашырып берем деп буту тайып кетти. Натыйжада топ Өзбекстандын чабуулчусу Бехруз Абдуллаевге тийип, ал эсепти ачты. Аны менен катар биринчи таймда эки курама тең кооптуу учурларды жараткан менен гол болгон жок.
Экинчи таймды өзбек курамасы кооптуу баштады. 53-мүнөттө өзбекстандыктар бурчтан топту киргизүү укугуна ээ болушту . Натыйжада Өзбекстандын 8-номердеги оюнчусу Бехруз Шүкүруллаев эсепти эки эселентти.
Оюндун 60-мүнөтүндө өзбек курамасы айып соккусун чыгаруу укугуна ээ болду. Айып аянтчадан чыгарылган топту 14-номердеги оюнчу Шадиер Шадибаев гол киргизип, эсепти ирилентти. Арадан көп убакыт өтпөй өзбек курамасынын капитаны Алижон Бекмуратов атаандашына карата орой ойногондугу үчүн экинчи сары айып кагазын алып, оюндан чыкты.
Оюндун калган бөлүгүн Өзбекстан курамасы бир футболчуга аз ойноду. Бир оюнчугу көп ойногон тажик курамасы канчалык көп чабуулдарды жасаганы менен Өзбекстандын дарбазасына жол таба алган жок.
Футбол боюнча 20 жашка чейинки курактагы футболчулардын куралган курамалардын Борбор Азия чемпионаты 5-июлда Жалал-Абад шаарынын «Курманбек»стадионунда башталган. Чүчүкулактын натыйжасында Кыргызстан курамасы Тажикстан, Ооганстан курамасы менен чогуу «А» тайпасында жайгашкан. «В» тайпасында Иран, Өзбекстан, Түркмөнстан курамалары орун алган.
Тайпалык оюндардын жыйынтыгында, Кыргызстан Ооганстанды 4:0 эсебинде утуп, Тажикстан менен тең ойногон. Натыйжада 4 упай жана голдордун айырмачылыгы менен кыргыз курамасы тайпадан биринчи орун менен Тажикстан экинчи орун менен чыккан.
«В» тайпасында Иран биринчи орунду, Өзбекстан экинчи орунду алган.