Ош шаардык ооруканасында агасы тарабынан бычакталган жаран каза болгону боюнча «Турмуш» басылмасы жазды.
Маалым болгондой, үйдө чыр чыгып, агасы инисин үйдөгү аш бычак менен курсакка сайган.
Ош шаардык ооруканасынан окуяны тастыктап, 9-июль күнү 1974-жылы туулган Ю. А аттуу жаран бычактан алган жаратынан улам түшкөнүн билдиришти.
«Ю.А аттуу жаран курсагынын эки жерине бычак сайылган абалда 9-июль күнү келип түштү. Бычак ичеги майдан өтүп ичегини тешип кеткен. Операция ийгиликтүү жасалган болчу. Бирок 13-июль күнү белгисиз жагдайлардан улам түнү каза болуп калды. Себеби экспертизадан соң аныкталат. Туугандарынын айтымында, ага-ини үйдө уруша кетишип, агасы бычак сайып койгон»,-деп айтылат маалыматта.
Ош ШИИБдин басма сөз кызматы маалыматты кийинчерээк билдирерин айтты.