Иллюстрациялык сүрөт
Ноокатта 16 жаштагы бала мончодо каза болгон. Бул тууралуу өздүк булактар «Турмуш» басылмасы өздүк булактарына таянып жазды.
Маалым болгондой, жигит мончодогу бассейнге чөгүп кеткен. Ал үйдүн жалгыз уулу экенин жергиликтүү тургундар билдиришти.
Маалыматты Ош облусттук ички иштер башкармалыгынан тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирди.
«14-июль күнү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө Жаңы-Ноокат айыл аймагынын 2008-жылы туулган А.Ж. аттуу тургуну (жаш өспүрүм) мончо ичиндеги бассейинде киринип жатып чөгүп кетип каза болгондугу боюнча маалымат келип түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган»,- деп айтылат маалыматта.
Текшерүүнүн жүрүшүндө маркумдун жансыз денесине соттук-медициналык экспертизанын өткөрүүдөн ата-энеси жана жакын туугандары баш тартышкандыктан, сырттан кароо жүргүзүлүп, туугандарына өткөрүлүп берилген.