Ош облусунда 2 адамга чагылган тийип каза болду. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев район акимдери менен онлайн курган чогулушунда билдирди.
Жыйын Ош облусунун аймагындагы кооптуу аймактарды көөмөлдөө, селдин кесепеттерин жоюу маселелерине арналган.
«Тиешелүү райондук малекеттик администрациялар силерге бул тапшырмалар барган. Силер тийиштүү тапшырмаларды аткарып, бизге берген экенсиңер, анан эми ушунун аткарылышын көзөмөлдөгүлө. Биринчиден, ушул жылдын башынан бери карай табигый кырсыктын айынан каза болгон адамдардын санын айттыңар, мына ошолорго 1 млн сомдон жардамб ерилип жатат. Анан жанагы чагылгандан каза болгон эки адам бар экен тилеке каршы, аны өзүңөр билесиңер кайсыл райондо экенин, мына ошону да тизмеге киргизип койгула»,-деген ал.
Ошондой эле, облус башчысы өкмөт тарабынан селден жабыркаган үй-бүлөлөргө бериле турган акчаны көзөмөлдөп, райондордогу заводдор менен сүйлөшүп, курулуш материалдарын арзандатууну акимдерге тапшырган.
«Экинчи тапшырма, турак жайларлы капиталдык оңдоо талап кылынган үйлөрдүн саны. Андан сырткары, авариялык абалдагы үйлөрдүн саны 40тан ашып кетти. Алардын көбү Кара-Сууда, Ноокатта жайгашкан. Өзгөн районунда бар деп берген экенсиңер. Мына ошол үйлөргө бөлүнгөн каражаттарды, жаран үй салып бүткөнчө сиздер көзөмөлгө алышыңар керек. Облустун аймагындагы айрым райондордо цемент чыгат, мына ошол цементти арзаныраак баада даректүү жана так жеткизип бергенди уюштуруп берсеңиздер. Бүгүнкү күндө канча үй-бүлөгө жарадмб ерилип жатат, ошолорго бөлүнгөн акчаны көзөмөлдөп, жарандар менен түз байланышта болуп, арзан цементти сүйлөшүп берсеңиз, алар ошол жардам катары берилген акча менен сатып алышса болот. Бир гана нерсе, арзаныраак жана жерине цемент бара тургандай кылып уюштуруп берсеңиз. Бизде кыш чыгарган заводдор бар, ошол кышты да жеткиликтүү баада кылып, жакшы кылып уюштуруп, алып берсек жанагы 1 млн сомго көп нерсе жасалып калат эле. Облуста кандай кана материалдар чыгат туурабы. Мисалы, ошол ишкерге барып туруп «кум, шагыл, таш жана ушуга окшогон нерселер керек» деп азыртадан ушулардын баасын сүйлөшүп, жарандардан билдирүүлөрдү алып, райондорго жеткизип бергенди уюштуруп бергиле»,-деген ал.
19-июль күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев селдин кесепеттерин жоюу боюнча жыйында өкмөттөн селден жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам берилерин, бирок, ал акчанын максаттуу жумшалып жатканы боюнча акимдер көзөмөлгө алышы керектигин айткан.