Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Темирболот Абыкеев УКМКга суракка чакыртылды. Бул туралуу маалыматты өздүк булактарына таянып «Турмуш» басылмасы жазды.
Алдын ала маалым болгондой, Абыкеев райондун аймагындагы Ынтымак айыл өкмөтүндөгү (мурдагы Жаңы-Арык айыл өкмөтү) жерлердин сатылышы боюнча суракка чакыртылган.
19-июль күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында селдин кесепеттерин жоюу боюнча жыйын кылып, анда Жаңы-Арык айыл өкмөтүндө 1000 чек 50 миң сомдон 300 миң сомго чейин сатылганын, тиешелүү адамдар жазасыналышы керектигин, эгер акимдин тиешеси болсо ал дагы кармалышы керектигин айткан болчу.