Ош шаарындагы базардын көчүрүлүшүнө каршы митинг
Ош шаарындагы нааразычылык акциясында милиция кармап кеткен төрт аял кое берилген. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 22-июль күнү профлактикалык териштирүү иштерден соң аталган аялдар кое берилген.
Буга чейин, кечээ, 22-июль күнү Ош шаарында борбордук баздардын көчүрүлүшүнө каршы нааразылык акциясына чыккан адамдардын арасынан төрт аялды милиция кармап кеткен.
Милиция алар массалык башаламандыкты уюштурууга шектелип кармалганын билдирген
«Окуя маалыматтардын электрондук журналына катталды. Ушул тапта шектүүлөр тергөөдө сурак берип жатат. Тергөө аяктагандан кийин, алардан иш-аракеттерине юридикалык баа берилип, кошумча маалыат берилет», — деп жазылган милициянын билдирүүсүндө.
22-июль күнү борбордук аянтта 500гө чукул соодалердер борбордук базардын көчүрүлүшүнө нааразы болуп, бийлик аларга убакыт берүүсүн суранып чыгышкан.