Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ленин чокусунда кар көчкү басып каза болгон Евгений Банниковдун сөөгү 21-июль күнү Орусияга жөнөтүлдү. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар жазды.
Маалыматка караганда, Евгенний Геннадьевич Банниковдун сөөгү 20-июль күнү түштөн кийин чокудан алынып түшүп, 21-июль күнү Орусияга жөнөтүлгөн.
Банников Евгений Геннадьевич орусиялык акын жана композитор, альпинист. 1965-жылы Челябинск облусунда туулган.