Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Жасур Азимов кармалды. Маалым болгондой, Жасур Азимов УКМКнын Ош облусу жана шаары боюнча башкармалыгы тарабынан кармалган.
Азырынча кайсыл иш боюнча кармалганы белгисиз.
Ош облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлагандай, Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 20-июлундагы токтомунун негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган.
«Кыргыз Республикасынын КЖКнын 337-беренесинин 3-бөлүгү (этиятсыздыктан оор залал келтирүү менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен шектүү А.Ж.М. карата бөгөт коюу чарасынын камак түрү 2024-жылдын 18-сентябрына чейин тандалган»,- деп айтылат маалыматта.