Бүгүн, 30‐июлда, Кыргызстанда биринчи жолу күн энергиясы менен иштеген жер астынан суу чыгаруучу кудуктардын (скважинанын) ачылышы болуп өттү.
Иш-чарага Ош облусунун, Араван районунун мамлекеттик администрацияларынын, коомдук фонддун өкүлдөрү жана Ош облустук Башкы суу чарба кызматынын жетекчиси, Төө-Моюн айыл өкмөт башчысы, дыйкандар жана жалпы кызыкдар тараптар катышты.
Жер астынан суу чыгаруучу кудук Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагындагы Сырт айылында курулган. Иш-чарада жергиликтүү дыйкандарга сугат сууларын үнөмдүү жана натыйжалуу пайдалануу максатында, суу чыгаруучу кудукту туура жана сугат сууну үнөмдүү пайдалануу талаптарын түшүндүрүү менен башталды.
«Араван районундагы Төө-Моюн айыл аймагы өлкөбүздүн түштүктөгү эң ысык жер жана сугат суусунун жетишпестиги абдан курч кырдаалда болгон аймак катары саналат. Жаратылыш ресурстарын эффективдүү пайдалануу жана суунун пайдасыз иштетүүнү азайтууга көмөк көрсөтүүнүн негизинде, Кыргыз Республикасындагы климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу долбоорунун алкагында аткарылды»,-деп айтылган иш-чарада.
Жергиликтүүлөрдүн айтымдарында, мурда алар сууну арыктан алып же сатып алып ичип жүрүшкөн.
«Мурда суу көйгөйү өтө чоң болчу. Башкача айтканда, арыктан суу ичип жүрдүк. Электр тогу менен жер астынан суу чыгат. Аны суткасына 2 миң сомдон сатып алып ичет элек»,-деди жергиликтүү жашоочу Мухаммед Акбаралиев.