Бүгүн, 19-август күнү АКИпресс-Ошто Өзгөн районунун тургундары маалымат жыйын беришти. Алардын айтымында, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү балдарын сабап кеткен. Бирок, бүгүнкү күндө алар сот аркылуу үй камагына чыгып кетүүгө аракет жасап жатышат.
«Мен Б. Б. Деген балам 2019-жылдан бери «Алтын-Маньяк» атуу уюшкан кылмыштуу топтун башчысынан азап көрүп келе жатат. 2019-жылы да баламды «Алтын-Маньяк» атуу жаран балдары менен уруп, башын катуу жарып коюшкан. Анткени, ошол жылы балам атайын багыттагы жоокерлердин тобунда кызмат кылып келген убакта ал киши өзүнүн тобуна кошуп алууну каалап, кайрылган. Менин уулум кошулбастыгын айткан. Анда УКТнын башчысы анын сөзүн укпай койгондугу үчүн катуу чаап кеткен. Ал кезде азыркыдай заман эмес эле. Ошол УКТлардын заманы болчу. Ошондуктан, балам милицияга кайрылган эмес. Ошол боюнча Москва шаарына кетип, 5 жыл ошол жерде иштеп келди.
Ушул жылдын 9-май күнү бир тууган балдарым «Алтын-Маньяктан» токмок жешти. Анда алар балдарымды талаага алдап чакырышкан экен. Мыкчачылык менен катуу сабашкан. 4 саат сабашкан. Балдарымдын айтымында, андай окуяны жалаң кинодон көрсө болот. Анан калса унаасындагы чоң сумманы алып кетишкен.
Тергөөдө алешемдиктер болуп, тергөөчүлөрдүн да иштерди жаап-жашыруу аракеттери болду. Ошол эле убакты тигилердин арызы менен менин балдарыма да кылмыш иши козголгон. Анткени, 6-май күнү менин балдарым тойдо мушташка аралашып калат. Азыр сурашытырып көрсөк мушташты да алар атайын уюштурган экен. Ошол боюнча балдарыма бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголуп, ооруканада бетине 4 протез коюлганына карабай СИЗОго 2 күн камашкан. Анын кесепитенен инфекция түшүп жараатына, көзүнө инфекция кирип, азыр бир көзү көрбөй калды.
Азыркы кезде иш башка тергөөчүгө өттү. Алар шетүүлөрдүн баарын кармап, камашты. 9 адам кармалып, камалды. Тогуз адамдын ичинен бирөө үч ай издөөдө жүрүп, араң таап келишкенде сот үй камагына чыгарып жиберди.
Анан калса ар кандай ыкмаларды кылып, соттук медициналык экспертизаны да бурмалап жатышат. Ошондуктн, урматтуу президент, урматуу УКМКнын төрагасы, сиздерде нжарадам сурайм, жардам бериңиздер»,-деди сабалган балдардын апасы Клара Калмаматова.