![Чек ара чырында жабыркаган үй-бүлөлөргө кошумча соцкепилдик берилет Чек ара чырында жабыркаган үй-бүлөлөргө кошумча соцкепилдик берилет](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/07/sockepildik.jpg)
Өлкө башчысы Садыр Жапаров “2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты 2021-жылдын 28–30-апрелинде Баткенде жана 2022-жылдын 14–17-сентябрында Баткен жана Ош облустарында болгон окуяларда каза болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга мамлекеттик колдоону камсыз кылуу болуп саналат.
Документте курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткан адамдар үчүн социалдык кепилдиктердин негизги жана кошумча түрлөрү белгиленет.
2021-жылдын 28–30-апрелинде Баткен облусундагы жана 2022-жылдын 14–17-сентябрында Баткен жана Ош облустарындагы окуялардын кесепетинен курман болгон адамдардын балдарына жана ата-энелерине, ошондой эле жабыр тарткан, майыптыгы бар деп таанылган адамдарга мыйзамдарда белгиленген башка социалдык төлөмдөргө кошумча ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул каралган. Анын өлчөмү Министрлер кабинети тарабынан аныкталат.