![Чамындылар Чамындылар](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/cdc7fedc-9d2e-48a4-98c3-3c0602f2f878.jpg)
Замандын зарыбы, турмуштун зарыбы, жашоонун зарыбы кандай экенин ким билсин, таенебиз Лайликан көптү башынан өткөргөн өз заманынын накта каарманы тура. Ал киши ак саамайлуу, кара торусунан келген нур жүздүү байбиче эле. Чалы аскерге аттанганда чиедей төртбаласы менен үй деген эле аты бар, биржер кепеде аманат болуп кала берет. Кайраттуу экен. Жокчулук жылдардын каарына карабай баарын эрезеге жеткирген тура. Алардын турмуштан орун-очок табуусуна мүлдө энелик милдетин аткарганын апам ар качандан, бир качан оозунан түшүрбөй сөз кыла берчү…
Атам Осмон апасы, атасы жөнүндө сөз кылганын, канча жанында жүрсөм дагы ооз ачып айтканын укканым эсимде калбаптыр. Ага караганда апам, ата-энеси жөнүндө дайыма берилүү менен кеп кыла турган. Ошондонбу же таенебиз биздин үйгө көп барып турганданбы, анын элеси дайыма көзгө сүйкүмдүү тартыла көз алдымда элестеп тургансыйт. Адам ушунусу менен пенде атыгып келет окшойт. Ааламды аңтарган кыялы, ой чабыты көксөөсүндө көптү самаганы, сугалактыгына күлүк жеткирбегени менен пенде окшобойбузбу.
Андан бери кылым карып олтурбайбы. Таенебиз токсон ашып жашап өттү. Ошол калган балдар-кыздарынан небере, чебере, кыбыра көрдү окшойт. Анын кандай экенине мен деле баам сала бербепмин. Таенебиз түйшүкчүл эле. Уулу Ибраим ишке жарап, кыздары турмушка чыккандан соң деле көп пайсал таап олтурбады. Үй тиричиликтен картайганча арылбады. Кол арадагы тиричиликтин кыймылына аралашканы аралашкан эле.
Муну мен анда-санда барып калганда баамдап калчумун. Алар райборбордо турушчу. Таекем гезитте иштегендиктен окумал эле. Ал киши 60-жылдары райондук гезиттин редактору, райондун партиялык комитетинин бюро мүчөсү болгон экен. Жетим жүрүп жетилет деген ушулбу деп каласың. Согуш учурундагы көргөн запкысыбы, тылдагы түйшүккө тез эле жайлана, колхоз активдерине аралашат. Он төрт жашынан мектептеги окуусун кечки сабакка алмаштырып, колхоздо сабаты бар жаштардын катарында табелчилик, кийин сельсоветтин катчысы катарында кызмат кылат. Атасынын жоктугун билгизбей үй-отондун турмушуна жарагандыгы менен эл оозуна алына баштайт. Колдоруна карга заңдагансып калат. Таэнемдин жалгыз уулу Ибраим колхоздогу, райондогу эл оозуна алына баштаган кызматтарды аркалаганы зоболосунун зордогонуна байланыштуу серептелет. Элүүнчү жылдардын аяк ченинде заман бир топ оңоло баштайт. Рай. борбордогу өзгөрүүлөр анын жака белинде туташ жайгашкан айылдардын да өзгөрүүсүнө таасирин берет. Таэнем ошондо да тынч олтура албай оймо-чиймечилик, шырдак, постек жасаганды өмүр бою колунан үзгөн жок.
Ар качандан бир качан тизесине тери, бышырылган кийиздерди жазып алып, колунан ийне менен оймок түшпөй түйшүктөнгөнү түйшүктөнгөн эле. Көрсө, заман зардабы бейм. “Башыңа келсе байтал жорго болуптур” деген сөздүн сырдуу маанисинин түйшүгү, түшүнүгү, турмуш кыштоосунун таасиринде өткөн муундун белчесинен баткан шордуу жашоосунун запкысы да, канткен менен жа- шоо бир кылымдын өлчөөсүндө өтө өзгөрдү.
Өткөн кылымдын дал ушул жылдары кокту-колотто топ-тобу менен жашаган бизге, замандын өзгөрүүсү өтө тездик менен киргенин танууга болбос. Жашоонун зардабы ошол октябрь көңтөрүшүнөн кийин өзгөрүүдө, апаат согуштарга карабастан тездик менен калыптануусуна шарт болгон го. Заманың заң-зуң деген ошо го. Канчалык айланчыктап, алпурушуп мөгдөп жашагың келбесин адам жашоосунун түйүнү тереңдикте.
Ошол элүүнчү жылдардын башында үй- отон курган атам менен апам “Жарык жер” деген ата конушунда жалгыз үй калышат. Калганынын баары түзөңдөгү жаңы конушка жер которушат. Атамдын колу жука болгондуктан эл катары өжүрө түптөгөнгө кабыргасы жетпейт. Жетимдин алы эмнеге жетсин. Жок болсо амалыңдын, айлаңдын куруганы ошол да. Колхоз түптөлөт деген жоон топ айылга азыркы Сары-Булак айылына, ошол өрөөндүн тоо, тоологон чар тарабынан ата конуштап, келишкендер “Сары-Күңгөй”, “Ак колот”, “Арал”, “Кылоожун”, “Тогуз Булак” деген айылдардагы өрөөндүн, ортосунан жара аккан кызыл сууну бойлой жайгашышат. Отурукташуу тез эле бүтүп калбайт. Коллективдүү жашоо ошо отузунчу жылдарда башталган болсо, элүүнчү жылдардын аяк чендеринде турмушка ашат. Ушундай көп жылдык аракеттин таасиринде азыркы Сары-Булак айыл түзүмү уюштурулган экен.
Андан бери жетимиш жылдан ашык мезгил күн кечирди. Атам үй-бүлөсү менен элүү экинчи жылы “жарык жерден” азыркы ата конушубузга там-таш түздөп түшкөн болот. Ага чейин “үч жылдай, үч кыш” “Жарык жерде” кыштап калышат. Жалгыз үй, ирегелеш болгондордун баары түздөп кетип калышат.
Жетимчиликтин дарди тура. Апам «пешенем ушул тура» деп атамдын ырабдайына карап баардык түйшүгүнө чыдап калганмын деп кечээ кийинкиге чейин айтып жүрдү. Атамдын апасынын, биздин чон энебиздин аты да Лайликан экен. Апам менен баш кошкондон кийин кайын энесинин аты да Лайликан чыгып атпайбы. Атамдын өз апасы ошол элүүнчү жылдардын баш чендеринде эле каза болгон экен. Атам кайын энеси Лайликанды апасынын атына аты окшоштугунанбы, же апасынын атынан уламбы, өлөөр өлгөнчө кадырлап-сыйлап жүрүп өттү. Анда биз кичине, эми эс тарта баштаган балдар элек, карындаштарым да жаш, таенебиз келгенде абдан сүйүнчү элек. Жашаган үйүбүз жарык боло түшөт эле. Бөжүрөйгөн чүкөдөй кемпирдин эки көзүнөн кандай сырлар катылып жатканын, жашоонун эмне деген түйшүктөрүнө балбылдап жанган эки көзү күбө болгонун айтуу ченемсиз кыйын экендигине таенемдин ошондогу жүзүн азыр элестетип алып көп-көп өкүнчү болдум. Эмне кылмак элек ошондогу кудуретимдин болгон ченеми ошол болсо.
Жашоонун оош-кыйыш купуялуу мезгилинде кубанууга да, өкүнүүгө да жан кечти дүйнөнүн жалаңгычтай айлаңды куруткан сырдуу, адам сезими жалбырттаган жалында жаның тирүү, каның денеңде дүүлүгүп жүгүрүп турган чакта, ой-тоону ойлондурган купуя ойлордун баары өзүң менен болот бейм.
Мунуңду аңдап, сый-сыпатына салган кудурет-дараметтин ченемдүү болгону да көп ойлондурат го. Баамымда мөңгүдүк ойлордун пенденин жан дүйнөсү менен кошо жер менен жексен болот шекил. Лайликан таенемдин ушул сыңары сырлары өзү менен кошо жашаган бойдон эч кимге ачыла бербей кете бергени табышмак го.
Мындай табышмак сырлары бүт адаммын деген жандуунун бүт дүйнөсүнө таандык окшойт. Бизге таандык жакынмын дегендердин бири жок. Алардын баары өзүндөгү табышмактуу сырларды жан дүйнөсүнө камырдай жууруган бойдон кете беришти. Мындай жашоо учугу алешем дүйнө болгону уламдан-улам уланганы уланган. Бир кем дүйнө деген ушул тура. Атам менен апам бул жарыкчылыкта пенделик өмүрүнө тартууланган жаштарын жашап өтүштү. Канткен менен адам өмүргө тойбойт турбайбы. Атам ааламдан кайтыш болгондо, апам өзгөчө кайышты, кайгырды. Дайыма күйүттүн үстүндө жүрдү.
Бизге, балдарына билгизгиси келбесе да, ичтен сызылып-сызылып жүргөнүн жашыруу оңойго турчу эмес. Анан кантейин жашоонун оомал-төкмөлүндө, барга жокко чыдап, турмуштун караандай казанында бирде көбүрүп, бирде бөксөрүп жашоо оңойго турбаганын баамыбызда баамдап көргөнүбүз менен чын-төгүнүн кайдан билмекпиз.
(Уландысы бар…)
Маматазим Жуманазаров