![Чамындылар Чамындылар](https://oj.kg/wp-content/uploads/2023/12/d071f67f-7174-4186-9d1e-a0b64e72dd63.jpg)
Ошол 1962-жылдары жарык дүйнөгө келген карындашымдын киндик энеси болгон Анаркүл чоң эне абдан сүрдүү, кара сүр, бешенесинде томугу бар, болтойгон томуктуу байбиче эле. Эл ичинде ийикчи Анаркүл, шырдакчы Анаркүл, көзү бар, эмчи-домчу Анаркүл деген аттары бар болчу. Ал кезде жаңыдан келин болуп, кайын-журтунун босогосун аттагандар күйөөсү тараптагылардын бирөөсүнүн дагы атынан айтчу эмес. Бул эмнеси? Эмнеге мындай?-деген маңгүдүк ойлор ошондогу биз теңдүүлөрдүн паң башында көпкө жашаганын азыркыга чейин элестетем.
Көрсө ушундай расмилер пенде жашоосун бышыктоого жаңыдан үй-отон күткөндөрдүн сезимине ата-бабалардан келе жаткан салт катары бекем орногондуктан, ата-бабалар жашоосу уланып келген чыгаар. Эң кызыгы жаңыдан бүлөө болгон жаш жеңе, эшик аттаган үйдөгүлөрдүн бешиктегисинен бери тергей турган. Анан да ар биринин турпатына, жасаган жумушуна, иштеген кызматына карата аттарды коюп алышчу. Ушул көрүнүш очор-бачар, үйлүү-жайлуу болгонго чейин, тергеген туугандарынын көзү өткөнгө чейин өзгөрүүсүз улана турган. Атамдын жакын туугандарынын келиндери көзү өтүп кеткенге чейин “койчу акам”, апамды “айылчы” же “далый” жеңем деп тергеп жүрүшчү.
Көрсө Анаркүл чоң энемдин аттары да келиндери тарабынан аталган тура. Көсөмдүктүн да чеги болот деген сыяктуу, пенделер жашоо турмушунда, бардыгын жазылбаган мыйзамдар менен адептештиргени илгертен санжыралуу болгон бейм. Айтуудан көптөгөн жалгыз эле келиндин үй-бүлөдөгү жакындарын гана эмес, алыс амекилерди деле тергөөсүнүн көп артыкчылыктары бар бейм. Мындайынан алганда үй-бүлөнүн бекем болушуна жогорудагыдай салттын, үрп-адаттын зор таасири бар чыгаар. Сарасеп салып караганда өткөн мезгилдерде үй-турмушунан бужумук болгондор такыр эле жок болчу. Адептүү болсоң турмушуң белен болот. Адептүү болуу тарбиядан деген сөздөр ошондон бери айтылганы айтылган. Өткөн мезгилдерде азыркыдай кайдан.
Бүгүн босого аттаган соң, барган жериңде бекем жаша, көркүңдү чыгарат дегенди бекемдегендин белгиси окшойт. Деги эле адеп, сылык-сыпаа мүнөздөр андагы учурда баардык ата-бабаларга мүнөздүү окшойт.
Анаркүл чоң эне көп келин-кесектерине ушундай акыл-насааттарын көп айтчу экен. Өзүнүн төркүнү кайдан экенин деле билбейбиз. Мындай адамдын тек жайы кайдан экендигин билгендердин дээрлик баары кудай жолуна кетишкен. “Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы”-деген кеп да. Анан калса өзүбүз деле кур эмес жашты чамдап калган кезибиз го…
Ошол апам көз жарган күнү да атам Осмон жок. Эрте элге кошулуп бозо уулап чыгып кеткен болчу. Анда эркектердин үймө-үй кыдыра бозо ичмейи боло турган. Кандай экенин билбейм, бирок, айылда жашоо ушундай майсалда ыргалдашкан чыгаар. Согуштан кийин оорчулук турмуш артта калган. Аны ким көрдү дейсиң. Биздин жаштагылар, алардын айткандары эмне мааниде экендигине карабай эле, маң боло дедиреген балалык кез болчу.
Атамдын аалам аңтарылса да, ушундай болуш керек элего… болгон тура деген мүнөзү бар эле. Балалыганан ушундай мүнөзү болчу экен. Кийин деле такыр калбады окшойт. Жылдар өттү. Чөйрөдө күн өткөнү жаңылык кирбегени менен биздин айылда ошол учурда тынымсыз кошулган жаңылыктардын ишааратында биз теңдүүлөр да бир кылка жашоого өткөн чыгаар.
Анан апам дайыма атамды “мурдун балта кеспеген жаман”-деп тилдеп калчу эле. Бул эмнеси экен деп ичимден ойлонуп калчумун. Жаштык кыял да, кайра эле оюнкарактыкка сала эсиме кылт эткендин баары көңүл сабагынан кайдадыр алыска сапар алган канаттуудай ыз этип учуп кеткендей болуп калчу.
Атам да, апам да мээнеткеч эле. Жокчулук мезгил да. Эшик алдында үрөөргө итиң болбосо, шоруң шорподой кайнаганы ошол да. Жетимдин турмушу абат болчу беле. Колдогону жок. Көр тиргилик менен көрүнгөндүн колунда жетимчиликтин күнүн өткөрүп келген чыгаар. Ошондон мүнөзүндө кенебестик, жамбашын жакшы көргөндүк, оонабастык ой-санаанын аздыгы калыптанып калган чыгаар.
Атам менен апам элүүнчү жылдардын баш ченинде үй-отон курушат. Апам азыркы Бий-Мырза айылынан. Балакаттан өткөн соң кандайдыр себептер менен ошондогу Тогуз-Булак айлына барып калат. Ал жерде эжелери бар экен. Ал учурда үймө-үй кыдырып жаш кыз-балдарды окууга тартуу, шаарга жумушка жөнөтүү сыяктуу өкмөттүн адамдары, ал учурда мамлекеттик саясат ушундай болгон бейм. Жетим-жесирлерге жакындан жардам берүү, аларды тарбиялоо жолу менен эл катарына кошуу өнөктүгүгүндө апам Жумагүлдү да каттап кетишет. Согуштун тагы да… Үйдөн кеткенден кийин кайда кеткенин, дайынын, дарегин ким сурайт да, ким издейт деген кыялына бек кармаган таенебиз апамды бир түндө бирөлөргө кошуп, күн чабым жолго тобокелчилик менен Тогуз-Булактагы апамдын атасы Бөкөнүн карындаштарына баш калкалоого жөнөтүп жиберет. Ошондон тагдыр экен атам экөө баш кошуп жатпайбы. Бий Мырза айылы Кара-Кулжанын батыш тарабында жайгашкань жоон дүпүйгөн айыл. Апам ошол айылда 1932-жылы жарык дүйнөгө келет. Ал деле көпчүлүктүн бири катары жардылыкта, табагын ит жалабаган турмушта эс тартат. Атасы Бөкө таятабыз отузунчу жылдардын аяк чендеринде аскерге кеткен боюнча дайынсыз болот. Азыркыга чейин дайын дареги белгисиз. Өмүрлүк жубайы Лайликан таенебиз да токсондон аша жашап, кайра кайтпас сапарга кеткен. Таята, таэнебизден калган Ибраим, Жумагүл, Сурма, Ирсалаттар да бул ааламдан өтүп кетишти. Азыр ал кишилердин неберелери, чеберелери урпактарын уланта эл арасында турмуш кечиришүүдө.
Зуулдаган мезгил мынчалык күлүк экенине таң каласың. Баамыбызда бизде эле жашоо ушунчалык татаал да, муңдуу да, мүңкүрөө мүнөздө болбогон чыгаар деген түпөйүл ойго кетесиң. Адам пендесинин туңгуюктуу жашоосунда даамы таттуу да, ачуу да жашоо базыйпасы ушунусу менен кызык окшойт да. Узун ойдун узактыгы, кыска ойдун кыйыры кайда экенин түшүнүү да кыйын тура. Ушинтип уламаланган жашоонун сүрү күн санай учугу үзүлбөй кандайдыр бир үмүттү алыстарга, улам жогорулоо жолундагы мелчөөсүз мейкиндиктерге жетелегени жетелеген окшойт. Бул сырлар качан чечилет да, качан табышмактуу дүйнөсүнүн эшигин ачат. Муну көр пенденин эч кимиси билбеген чыгаар. Жер шарынын сыры, адам жашоосунун сыры ушунда окшобойбу.
Апамдын жашоосу деле бала кезинде абат болбоптур. Кайда барбасаң деле көр жашоо дегендей, кимдин ким экендигин билбейм, жашоо түпкүлүгүндө бирдей эле болгон бейм. Атасы Бөкө жумушчу батальонго чакырылганда ызы-чуу, ыйлап – сыктоо менен узатканда аркасында бир уул, үч кыз калат. Чиедей жаш балдарды багуу жокчулук учурда оңойго турбасын түшүнгөн таенебиз мойнуна илинген жүктү колу менен тартат. Кызыл чие жаш балдарды багуу оңойго турбасын түшүнгөн түйшүкчүл, иштерман, барды-жокту көтөрө билген Лайликан таенебиз колхоз жумушунда күндүр-тундүр иштөөгө туура келет. Ошол согуш башталаар кыркынчы жылдары турмуш өтө оордоп, эл арасында Герман менен уруш болот экен деген каңшаар кептер байма-бай айтылса, элдин үрөйү учуп андан бетер сестенүү, жүрөк сыздатуу, санаркоо бүт денеңди дүркүрөткөнү дүркүрөткөн болот.
Баарынан кеп жаман. Көргөн көз менен уккан кулакта не жазык. Уккан кулакка ишенүү керек тура. Ошол айтылгандай эле согуш башталат. Айылда жашы жеткендердин баары эле журтту коргоого аттанат. Элге, көпчүлүккө келген жанды ачыштырган апааттан кантип кутулмак эле. Апам апасына эрдемчи боло үйдөгү түйшүгүн он жашка чыгып чыкпай колго алат. Агасы Ибраим мектепте окуйт. Сырткы эр кишиге тиешелүү жумуштарды аткарууга жарап калган болот. Өлбөстүн өмүрүн үртүнгөн үй-бүлө катары, көптүн бири боло, согуш учурундагы жашоо мурдагыдан да оорлошот. Лайликан таенебиз ошондогу Тельман колхозунда, Кырк-Күңгөй участкасында күндүр-түндүр эмгектенет. Кичинекей чүрпөлөрүнөн кабар алуу үчүн ошончо алыс бел аштыдан жөө жалаңдап айылга түшүп, тамак-ашынан кабар алганча күнүгө ирешереде келчү тура. Эрте менен таңга маал асманда жылдыз бириндей электе иш ордунда болуп калчу экен. Күндүзү кызыл казан аскан Лайликан апасы балдарына машак терүү менен да алектене тургандыгын, аны тазалаганды эч унутпай, өзү даярдаган кичинекей торбосуна торсойто толтура, чымчык балапандарына жем ташыган сыяктуу, күн сайын талаа жумушунан өөнгө түшкөнү күнү бүгүнкүдөй көз алдымда деп апам байкуш эки көзүнө тегерете жаш ала көп эскерсе, биздин да жүрөгүбүз эңшериле түшөт эле.
Кийин ойлонсом “апам балам дейт, балам балам дейт”-деген сөз ошондон калганына чындыгында ишенбей коюга аргаң жок сыяктанат. Апам өткөн балалыгын көп эскерчү. Ал мезгилдин каарын көргөндөр да такыр эле аздап баратат. Муун алмашты деген ушул бейм…
(Уландысы кийинки санда)
Маматазим Жуманазаров.
1 комментарий для “Чамындылар”