![Оштогу №3 Ломоносов мектебинин директору окуучу кызды сабаганы айтылууда Оштогу №3 Ломоносов мектебинин директору окуучу кызды сабаганы айтылууда](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/03/1041134768_0_0_4800_2700_1920x0_80_0_0_ae3c8832a5e2b4f46436b41c3136234f-1024x576.jpg)
Иллюстрациялык сүрөт
Ош шаарындагы №3 Ломоносов мектебинин директору «сабакка өз убагында келбей, мектеп формасын кийбей келдиң» деп 16 жаштагы окуучу кызды сабап, мектептен чыгарып жибергени айтылууда.
Бул окуя боюнча бүгүн,14-мартта, саат 11.00 чамасында Ош шаарынын тургуну, 77 жаштагы аял Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган.
Ош ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлагандай, ал арызында 2008-жылы туулган небересин бүгүн окуган мектебинин директору мектеп формасы боюнча талапка жооп бербеген кийим кийип баргандыгы жана сабакка кечигип келгендигин айтып, ургандыгын билдирген.
«Окуучу кыз Ош шаарындагы М.Ломоносов мектебинде окуйт. Арыз маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлө башталды. Окуя боюнча мектеп директору, бардык күбөлөр суралат, окуяны териштирүү иштери башталды»,- деп айтылат маалыматта.
Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу Оштогу Ломоносов мектебинин директору 9-класстын окуучусун класстан сүйрөп чыгып, сабагандыгын айтты.
«Ош шаарындагы Ломоносов атындагы мектептин директору Алмаматова Динара Абдимиталиповна 9-класстын окуучусу Акмат кызы Даткайымды классынан сүйрөп чыгып, коридордо «формаңды туура эмес кийип келдиң» деп сабап салыптыр. Чоң энелери, ата-энелери жазып, чалып, кайрылып жатышат. Ушул боюнча, Алмаз Акунжанович, Билим берүү министрлиги, укук коргоо органдары, тез арада ыкчам чара… 9-класстын окуучусун «сенин формаң башкалардыкына окшош эмес экен» деп классынан сүйрөп чыгып, коридордо сабап салыптыр, мектептин директору, бул не деген акмакчылык?! Ушуга окшогон кишилер билим берсе, билим берүү мекемесин башкарса, кандай билим болуп жатат балдарда?»,- деген эл өкүлү.
Бул арада Жанна Бекташева аттуу «Фейсбук» соц.тармагынын колдонуучусу Ломоносов мектебинин директору анын кызы менен кошо ондогон окуучуну «формасы жок» деген шылтоо менен кайра форма кийип келүү үчүн үйлөрүнө жөнөткөнүн жазды.
https://www.facebook.com/100004427474346/posts/2724800517677504/
«Урматтуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, Билим берүү министрлиги, бүгүн, 14-март күнү эрте менен Ломносов мектебинин директору 20-30 окуучуну чогултуп, «формаңар жок экен» деп мектептен чыгарып жибериптир. Менин кызым бутуна кроссовка гана кийип барган болчу. Калганы мектеп формасы гана болчу. Үстүнө ак көйнөк, бутуна классикалык үлгүдөгү шым кийген. Окуу процесси учурунда директордун окуучуларды үйүнө барып кийинип келсин деп мектептен кетирип жибергенге укугу барбы? Эгер окуучуларда коомдук унаага чыгуу үчүн жол киреси жок болуп калсачы? Эгер балдарда башка кийими жок болуп калсачы?Алардын көчөдөгү коопсуздугу үчүн ким жооп берет? Балдардын ата-энелери алардын балдарын мектептен эрте менен үйлөрүнө жөнөткөнү боюнча да билишпейт. Көп окуучулар мектептен алыс жашашат. Алар кайра кийинип мектепке келгенге чейин сабактар аягына чыгып калат.
Менин кызым окуган мектептен эле 6 окуучуну үйүнө кайра жөнөтүшкөн. Бул маселе боюнча директор мага мектеп формасын кийбеген окуучуларды кайра үйүнө жөнөтүүгө укугу бар экенин айтты. Бүгүн төртүнчү күндүн аягы, балдар бейшемби күнү 3 сабактан контролдук иш жазышы керек. Же азыр мектеп директорлору өздөрүнүн каалоосу, өздөрүнүн эрежелери, тарбиялоо методдору менен иштешеби?!»,- деп жазган ал.
Өз учурунда Ломоносов мектеби англис тилин тереңдетип окуткан атайын мектеп катары атагы чыккан мыкты мекутеп болчу. Ага мугалимдер да тандалчу. Азыр жакшыны көбөйткөндүн ордуна, тааныш-билиш менен келген директордун терс жоруктары. Бул жетекчиликтин туура тандалбаганы! Менин балдарым ушул мектептен эң жакшы билим, таалим-тарбия алган эле. Азыр жогорудагы кабарды окуп алып, бир кезде аты таанылган мектептин кар болгонуна ичим ачышып жатат!
Вообще мы учителя,тем более директор ,руководство школ,учебных заведений не имеют права отправлять детей обратно домой,а если по дороге собьет машина,изнасилуют,кто отвечаьь будет? Неужели нельзя было позвонить родителям сообщить об этом.
Ну у директора сш.3 уже второй случай,первый когда ей на ДР по 200 сом собирали,а второй избиение.Айыльский метод.
А,предыдущий директор линейкой измерял длину юбки,что это за методы,мало вы их меняете,надо молодых,креативных ставить директорами.
Я,учитель,я за учителей,но не за метод избиение и выволакивания ребенка в коридор
Директор туура кылган. Болуша берсек мектептеги окуучулар тоготпой калат. Форма сөзсүз болуш керек. Бирок урбаса керек чык деп колдон тартышы мүмкүн. Класс жетекчи,соц педагог болсо керек жанында.