№3 Ломоносов мектебинин директору Динара Алмаматова өзүнүн дарегине айтылган дооматтарга жооп берди.
Кечээ, 14-декабрь күнү Ломоносов мектебинин 9-классынын окуучусун директор сабагандыгы боюнча Ош ШИИБге арыз жазылып, бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.
Директордун айтымында, соц.тармактарга жарыяланган пикирлер туура эмес, жөн гана формасы жок, кечиккен окуучуларга эскертүү берилген.
«Эч кандай соц.тармактарга чыккан пикирлердей окуя болгон эмес. Болгону сабакка кечигип келген окуучуларды биз уюштуруучу, соц.педагог, класс жетекчилер менен кошо, формасы жок окуучуларга эскертүү бергенбиз. Эскертүү бергенбиз, ар бир класс жетекчилерди чакырып, ар бир кечигип келген окуучуларды класс жетекчилерге тапшырганбыз. Ата-энелер менен байланышып, «эмне үчүн формасы жок, эмне үчүн кечиккен?»,- деп айтылган. Анан Жогорку Кеңештин депутаты айткан маалымат туура эмес. Себеби, ар бир маалымат такталыш керек. Мен да Кыргызстандын жаранымын жана укук коргоо органдарынан да суранамын, билим берүүнүн мугалимдерин, кызматкерлерин андай бир тараптуу жалаа жапканга эч кимдин акысы жок. Кандай гана окуя болбосун, ал эки тараптуу чечилип, эки тараптуу суралып, анан бир жыйынтыкка келиш керек. Бүгүн окуя болгон учурда, бул Жогорку Кеңештин депутаты айткан окуучу, 9-класстын окуучусу, бир гана ал эмес, бир нече окуучулар кечиккен. Кечигип, класс жетекчисине тапшырылган.
Эгерде ошол депутат айтып жаткан 9-класстын окуучусу боюнча айта турган болсок, ал өзү сабакка кечигип келген. Экинчиден, кулагында узун сөйкөсү болгон. Кыскасы, булка жинсы жана бутунда кроссовка болгон. Бир сааттан кийин чоң энеси келген. Мага келди, кайрылды. Чоң энеси аябай ачууланып келген, чын, эч кимге сөз бербеди. Мен да абдан эле түшүндүрүүгө аракет кылдым. Анткени, кызына эскертүү берилди, формасына жоктугуна байланыштуу»,-деди Д. Алмаматова.