Быйыл Ош облусундагы Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 20 чакырым курулат. Бул тууралуу КР Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Буга чейин аталган жолдун 10 чакырымын Орусияда иштеп жүргөн ишкер жигит өз каражатына салып бере турган болуп жатканын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, 4-апрелде ЖКда билдирген.
“Мамлекеттик жеке өнөктөш катары Транспорт министрлиги да колдон келген жерин жасап берет. Долбоордук-сметалык документтерин бүтүртүп атабыз”,-деген Жапаров.
Орунбековдун айтымында, апрель айынын аягында Транспорт жана коммуникация министри жана 10 чакырым аралыкка демөөрчү болуп жаткан жаран менен Каракулжа-Алайкуу жолуна барышат.
“МинКаб төрагасы Акылбек Үсөнбекович дагы июнь айында Алайкууга келип кетүүнү пландап жатат. Ал эми демөөрчү жердешибиз азырынча өзү тууралуу айтпай туруумду өтүндү”,-дейт Орунбеков.
Кыргызстанда Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолу эң оор шарттагы каттамдардын катарына кирет. Анын жалпы узактыгы 130 км.ден ашык. Буга чейин кар оор жааган убактарда жүргүнчүлөрдүн алды 20 күндөп жолго калган учурлар да катталган. Алайкуулуктар кар көчкүлөрү жүргөн эң оор участокторго трамплин куруу демилгесин көтөрүп жүрүшкөн менен ал ишке ашпай келет.