Президент Садыр Жапаров «Комерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн караган мыйзамга кол койгондон кийин Фейсбуктагы баракчасына бул мыйзамга эмне үчүн кол койгонун жазган. Андан соң жарандык коомдун өкүлдөрү ортосунда түрдүү пикирлер жаралган. Садыр Жапаров ошол жазгандары боюнча «Кабар» агенттигине түшүндүрмө берди.
«Маалыматтарды бурмалагандар дал ушул өкмөттүк эмес уюмдардын айрым өкүлдөрү өздөрү болууда. «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган долбоор бир нече ай талкууда болду. Ошондо бул мыйзамды кабыл алуунун башкы максаттарынын бири буга чейин иштеп келген өкмөттүк эмес уюмдардын чет өлкөдөн каржылангандарын кайра каттоодон өткөрүп, аларга «чет өлкөлүк өкүл» деген макамды берүү экени айтылды.
Ошондой эле, сырттан алган каражаты конкреттүү түрдө кайсыл максаттарга жумшалып жатканын мамлекет билиши керек деп айтылды. Менин соцтармактагы сөзүм ушунун алкагында айтылды.
Аны өкмөттүк эмес уюмдардын баардыгы эле эң сонун түшүнүштү. Анан кычыктанып «биз катталганбыз» деп атышпайбы. Айтсынчы, кимиси «Чет элдик өкүл» деп катталыптыр? Эч кимиси антип катталган жок да. Мен ошону айттым.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча 25 миңдей өкмөттүк эмес уюм катталган болсо, анын 2 миңдейи чет элдик донорлордун каражаттары жана алардын катышуусу менен иш алып барат экен. Ошолор кайра каттоодон өтүшөт. «Чет элдик өкүлдөр» боюнча өзүнчө реестр болот. Болгону эле ошол. Бүгүнкү күнгө чейин кандай иштеп келсе ошондой эле иштей беришет. Эч кандай куугунтук болбойт деп кепилдик берем дедим.
Дагы кайталайм биз аларды куугунтуктайлы деген жерибиз жок. Болгону ачык болсун деп атабыз. Эл билсин деп атабыз кимиси чет өлкөлөрдөн каржыланып атканын. Ошондой эле уставында эмнелерди көрсөтсө ошолор боюнча иш алып барсын деп атабыз. Мунун эмнеси жаман? Ачыктык болсун дегенди мамлекет алардын акчасына көз артууда деп түшүнбөш керек. Башка өлкөлөрдөн грант алып алса алардын акчасын аяп эмне кылабыз. Миллиондоп эмес, миллиарддап алсын. Болгонун ошонун максаттуулугун билели деп атабыз.
«Эшек жайлоо» десем бир тобу катуу чычалашыптыр. Миллиондогон каражаттар өлкөгө кирип, анан кандай максатта сарпталып жатканын көрө албасак бул «эшек жайлоо» эмей анан эмне? Ошол акчалардын бир бөлүгү ички иштерибизге кийлигишип кетпесин деген эле ой. Саясатка аралашкысы келген коммерциялык эмес уюмдар болсо анда партияларга кошулсун же жаңы партияларды ачып алып иш алып бара берсин. Эч ким кой дебейт.
Мыйзам кабыл алынды. Жаңы эрежеге баш ийип иштеш керек. Бул өкмөттүк эмес уюмдар үчүн кыйынчылык жаратпайт.
Так эле ушундай мыйзамдар башка өлкөлөрдө, болгондо да өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү бизге үлгү кылып айтып жүргөн батыштын мамлекеттеринде бар экенин мен эле эмес абройлуу эле эксперттер айтып атышат. Аларга да ишенбесе интернеттен издеп карап көрүшсүн.