Сүрөт: NASA
Түндүк Американын миллиондогон тургундары Күндүн толук түрдө тутулушуна күбө болушту. Күндүн тутулушу Мексика, Америка, Канада өлкөлөрүндө, Тынч жана Атлантика океандарынын кээ бир аралдарында байкалды, деп жазат дүйнөлүк ЖМКлар.
Бул уникалдуу кубулушту алгачкылардан болуп Мексиканын Мазатлан шаарынын туристтери жана тургундары көрүштү. Ай толугу менен Күндү жаап, асаманды төрт мүнөт бою караңгылык каптады.
Бул кубулушка адамдар атайын коргоочу көз айнектердин жардамы менен назар салышты.
Жеке фазалар Түштүк жана Түндүк Америкадагылар, Борбордук Америкадагылар, Европанын батышындагылар үчүн жеткиликтүү болду.
Күндүн толук тутулушу — изилдөөлөр үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Изилдөөчүлөр бул кубулуштун ионосферага таасирин жана байланыш системаларынын иштөөсүндөгү мүмкүн болгон үзгүлтүктөрдү изилдөө үчүн сонун мүмкүнчүлүк.
Күндүн кийинки толук тутулуусу 2026-жылдын 12-августунда болуп, Түндүк жарым шардын көпчүлүгүн камтыйт.