![Айсулуу Тыныбекова Азиянын алты жолку чемпиону болду Айсулуу Тыныбекова Азиянын алты жолку чемпиону болду](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/436253561_736760045282421_3420554113902893064_n.jpg)
Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жеңүүчүсү болду.
62 кг чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова алгачкы беттешин 1/4 финалдык баскычтан баштады. Анда Түштүк Корея өлкөсүнөн келген Субин Жо атту балбан кызды 6:0 эсеби менен утуп келе жатып “туше” ыкмасын колдонуп таза жеңишке жетти.
Жарым финалда монголиялык Тсеренчимед Сукхени 13:3 эсебинде жеңип финалга жолдомо алды. Ал эми чечүүчү алтын үчүн беттеште япониялык Сакура Мотокини 9:6 эсебинде артта калтырды.
Ушуну менен Айсулуу Тыныбекова алтынчы ирет Азия чемпиону аталды. Мындан сырткары, Дүйнө чемпионаттарынын 3 жолку чемпиону, Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси.