!["Барс" топтору - жапайы жаныбарларды аңчылардан кантип коргойт? "Барс" топтору - жапайы жаныбарларды аңчылардан кантип коргойт?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/33b582bc-fd20-48bb-9ef2-9d033158ca4d-1024x682.jpg)
“Барс” жана “Барс-2” топтору. Булар “NABU-Кыргызстан” уюму тарабынан өлкөдөгү жапайы жан жаныбарларды, канаттууларды коргоо максатында түзүлгөн. “Барс” тобу өлкөнүн түндүк облустарындагы аймактарда мыйзамсыз аңчылык кылгандар менен күрөш жүргүзсө, ал эми “Барс-2” тобу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында иштешет. Бирок алардын эң башкы миссиясы – өлкөдөгү илбирсти коргоо болуп саналат. Алдыда Кыргызстандын жаратылышындагы жапайы жан жаныбарларды коргоого салым кошуп келаткандар тууралуу азыноолак сөз кылабыз.
“Барс” топтору тууралуу
“NABU-Кыргызстан” уюмунун “Барс” тобу 10 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келсе, “Барс-2” тобу ишмердүүлүгүн баштаганына толук бир жыл болду. Анткени уюмдун түштүк бөлүмү жаратылышты жана жапайы жан жаныбарларды коргоо максатында Ош шаарында 2023-жылдын 27-апрелинде ачылган. Ошондон тарта аймактагы жан жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылгандар менен күрөштү күчөттү. Албетте бул жумуштар тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда жөргүзүлүүдө. Тактап айтканда, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, экология жана токой чарба башкармалыктарынын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана жаратылыштын тагдырына кайдыгер карабаган жергиликтүү тургандар менен биргелешкен рейддерди өткөрүүдө.
!["Барс" топтору - жапайы жаныбарларды аңчылардан кантип коргойт?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/c5c6c96b-3d29-4fce-a221-47d42240233e-1024x769.jpg)
Ар бир рейд учурунда жергиликтүү элге, коргоого алынган жапайы жаныбарларды атууга, жок кылууга уруксат жок экендигин түшүндүрүү менен уюмдун мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү, жаратылышка аяр мамиле кылууга багытталып чыгарылган таркатма материалдары таратылып келет.
Үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн рейддердин натыйжасында мурда көрүнбөй калган жапайы жаныбарлардын саны көбөйүп, алар көзгө илээшип калганы байкалганын жергиликтүү тургундар белгилешет.
Алдыда аталган эки топтун иштери тууралуу деталдаштырылган маалыматтарды сунуштайбыз.
Ош, Жалал-Абаддагы биргелешкен рейддер
Апрель айынын биринчи декадасында “NABU-Кыргызстан” уюмунун Бишкектеги “Барс” жана Ош шаарындагы “Барс-2” топтору Ош жана Жалал-Абад облустарынын алыскы тоолуу аймактарында атайын рейд өткөрүштү.
Анын алкагында, 5-6-апрель күндөрү Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кош-Дөбө, Теңизбай жайлоолорунда, 8-9-апрель күндөрү Жалал-Абад облусунун Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коругундагы Кара-Кыр, Эки-Чат, Ой-Алма, Ак-Коргон, Чыкты, Чымынды, Кичи-Пияз, Капчыгай өзгөчө коргоолуучу аймактарында жүргүзүлдү. Андан сырткары, 10-11-апрелде аталган облустун Аксы районундагы Сары-Челек биосфералык мамлекеттик жаратылыш коругунда жана көл жээктеринде рейд жүргүзүлдү. Бул рейддер мамлекеттик жаратылыш коруктарынын кызматкерлери, аңчы адистери менен биргеликте пландан сырткары уюшулган.
!["Барс" топтору - жапайы жаныбарларды аңчылардан кантип коргойт?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/2d0209ef-5cad-4304-86fb-467edf1c181f-1024x682.jpg)
Иш-чаранын алкагында аңчылык мылтык алып жүргөн жарандарга түшүндүрү иштери жүргүзүлүп, жергиликтүү тургундар менен мамлекеттик кызматкерлерге NABU-Кыргызстан уюму тарабынан даярдалган экологиялык атайын таркатма материалдар тапшырылды. Жалпысынан бул жолку рейдде мыйзамсыз аңчылык кылган жарандар аныкталган жок.
Рейддердин натыйжалуу жыйынтыгы
“Барс” тобу жакында тоо эчкисин аткан жаранды кармашты. Тактап айтканда, Чүй облусунун Чоң-Кемин өрөөнүндө белгисиз адамдар мыйзамсыз аңчылык кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшүп, анын негизинде «Барс» тобу тиешелүү мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери менен биргеликте атайын рейд жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында Долоноту участкасын текшерүү учурунда малчы А.К.дан мыйзамсыз атылган жапайы эчкинин өлүгү жана документтери жок ИЖ 18 12-калибрдеги аңчылык мылтыгы табылган. Окуя болгон жерде протокол түзүлүп, эт жана курал алынган. Мыйзамсыз аңчылык фактылары боюнча материалдар жана далилдер тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.
Аңчыларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Ал эми “Барс-2” тобу Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу “Бештерек” жана “Байбиче” аймактарына мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте ыкчам рейд уюштуруп, аңчыларга түшүндүрүү иштерин жасашты.
!["Барс" топтору - жапайы жаныбарларды аңчылардан кантип коргойт?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/f02f0a3c-9d98-47bc-9027-c865336efa0a-1024x682.jpg)
Бул рейддин жүрүшүндө жалпысынан 15 мергенчиге кезигип, алардын баарынын документтери жана куралдары текшерилди жана алар тарабынан мыйзам бузулган факт катталбагандыктан, жаратылышка аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чаранын алкагында “Карим-Ата” ЖЧКсы мергенчилерди көзөмөлдөө пункттунда иштеген егерлерге көргөзмө куралдар таратылып, мыйзамсыз аңчылык менен күрөшүү боюнча алардын өзгөчө ыкмалары менен таанышуу жүрдү.
Мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөш уланууда
Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Бел-Алма көмүр кенинин айланасында бир үйүр кийик көрүшкөн жергиликтүү тургундар аларга ууга чыгып жатышканы тууралуу маалымат келген. Алынган кабар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен биргеликте пландан сырткары рейд уюштурулду.
Бул рейддин алкагында Ноокат районуна караштуу Киндик жайлосунда да улар менен кийикке ууга чыккандар бар экени тууралуу малымат түштү. Натыйжада алынган маалыматтар боюнча шектүүлөр табылган жок. Бирок балык уулого чыгып, эч кандай уруксаты жок форель балыгын кармашкан жарандар аныкталды жана аларга акт түзүлдү.
Жаныбарларга салынган тузак алынды
Ноокат районундагы Капка айылынын тургундарынын маалыматтарына ылайык, пландан сырткары рейд уюштурушту. Анткени жергиликтүү тургундар, аңчылык сезону бүткөнгө карабастан, ууга чыккан учурлар күн сайын улантылып жатканын билдиришкен.
Бул маалыматтын негизинде мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен биргеликте аталган айылдын Капка жайлоосуна жана Кара-Кой жылгасынын Чили-Сай капчыгайына рейд өткөрүлдү. Бирок мыйзамсыз аңчылык менен алектенип жүргөн жарандар байкалган жок. Анткен менен канаттууларга коюлган 30 метрлик тузак алынды.
Жалал-Абадда аңчылардан курал алынып, милицияга өткөрүлдү
“Барс-2” тобунун кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя жана Сузак айылдарында өрдөккө аңчылык кылгандарга карата тиешелүү мамлекеттик органдын өкүлдөрү менен биргеликте атайын рейд уюштурушту. Аңчылык сезону токтогонуна карабай, өрдөк атуу менен алектенүү күн сайын жүз берип жатканы боюнча маалымат түшкөн.
!["Барс" топтору - жапайы жаныбарларды аңчылардан кантип коргойт?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/2767a741-4646-42fb-836c-3770c81b7117-1-1024x682.jpg)
Алынган маалыматтын негизинде, аталган айылдарда мыйзамсыз аңчылык кылган деп шектелген жарандын автоунаасы текшерүүгө алынды. Натыйжада мыйзамдуу аңчылык куралы бар экендиги аныкталган менен, атылган өрдөк же башка жаныбар табылган жок.
Аңчылык сезондун өткөнүнө байланыштуу мыйзамсыз аңчылыкка чыкканы үчүн мергенчинин куралы алынып, акт түзүлдү жана Сузак райондук ИИБга өткөрүп берилди. Ал эми жергиликтүү тургундарга жаратылышка аяр мамиле кылуу керек экендиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жергиликтүү активисттер менен бирге өткөн рейддер…
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна дагы бир жолу пландан сырткары рейд уюштурушту. Буга чейин аталган райондун мамлекеттик аңчы адистери ушул күндөрү мыйзамсыз аңчылык күч алаарын белгилешкен. Бул маалыматтын негизинде, райондогу аңчы адистер жана браконьерлердин жүргөн жерлерин жакшы билген жергиликтү активисттер менен биргеликте рейд өткөрүлдү.
Алгач, райондун Таран-Базар айылынан Казарманга өтүчү, башкача айтканда, Ош-Бишкек альтернативдүү жолунда жаңы курулган тоннель тарапта жана Кулданбес жайлоолору текшерилди. Ал эми, райондогу Архангельское айылында жана Үрүмбаш жайлоосуна рейд болду.
Бул жолку иш-чараларда мыйзамсыз аңчылык кылган факт катталган жок. Бирок Кулданбес жайлоосунда Жигули автоунасы токтотулуп, текшерүүгө алынды. Жыйынтыгында жарандын транспортунан аңчылык мылтыгы аныкталды. Бирок анын аңчылыкка жана аңчлык куралга уруксаты бар экенин далилдеген күбөлүгү болгон. Текшерүүнүн жыйынтыгында, жаныбарлардын мыйзамсыз атылганы аныкталбаганынан, ал жаранга жаратылышка аяр мамиле кылуу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жарадар бүркүт реаблитациялык борборго өткөрүлдү
!["Барс" топтору - жапайы жаныбарларды аңчылардан кантип коргойт?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/f11e9323-1602-4bee-8f91-2d364f5e1bec-1024x768.jpg)
“Барс-2” тобу Баткендин Лейлек районундагы “Арка” токой чарбасынын Кара-Сай участкасында жүргүзүлгөн атайын рейддин учурунда, белгисиз себептер менен жарат алып, уча албай калган бүркүттү табышты. Аны аталган токой чарбанын егери Бакытбек Саттаровдун жардамында, расмий документтердин коштоосу менен “NABU-Кыргызстан” уюмунун Чүй облусунун Кемин районундагы Суулуу-Терек жайлоосундагы реаблитациялык борборго жеткиришти. Ал жерде атайын адистердин тыкыр көзөмөлүндө багылып, калыбына келтиргенден кийин жапайы жаратылышка кое беришет.
Кыргызстанда 400дөй ак илбирс жашайт
“NABU-Кыргызстан” уюмунун өлкөдө 30 жылдан бери ак илбирсти коргоо максатында иш алып барат. Ошондуктан бул уюмдун “Барс” топторунун негизги иши да ушул жаныбарларды жана алардын азыктарын коргоо болуп саналат. Учурда Кыргызстанда 400 ак илбирс жашайт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” 15-апрелдеги түз эфиринде Жаратылыш ресурстары министрлигинин Биоресурстар департаментинин жаныбарлар дүйнөсү бөлүмүнүн башчысы Адис Мадиев билдирди.
!["Барс" топтору - жапайы жаныбарларды аңчылардан кантип коргойт?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/877cae23-8047-4129-b390-b7957f2a3274.jpg)
Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу деп аталган. Бул тууралуу КР Президенти С.Жапаровдун өткөн жылдын соңында атайын Жарлыгы чыккан. Өлкөдө 600гө жакын фото капкандар орнотулган, алар ак илбирстердин санын эсептеп, азыктануу аймагын аныктайт.
Эсиңизде болсо керек, ак илбирсттер деңиз деңгээлинен 3,5 миң метр жана андан жогору бийик тоолуу аймактарда жашашат.
“Мыйзамсыз аңчылыкты токтотуу үчүн, элдин аң сезимин өзгөртүшүбүз керек…”,- Толкунбек Асыкулов, «NABU-Кыргызстан» уюмунун мүдүрү.
!["Барс" топтору - жапайы жаныбарларды аңчылардан кантип коргойт?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/04/0b667b2e-474c-46bc-a19b-d277fde4c8b4-1024x682.jpg)
«NABU уюмунун Кыргызстанга келгенине быйыл 30 жыл толду. 1994-жылы келген. Бул аралыкта биз мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөш менен көп алектендик, жаратылышка илимий байкоо иштерин жүргүздүк, андан сырткары, экологиялык билим берүү иштерин жасадык. Негизи коомдун экологиялык аң сезимди көтөрмөйүнчө, баягы мыйзамсыз аңчылык, браконьерчилик боло берчүдөй экен. Ошол эле талкалоо, бузуу, экосистеманын бузулушуна кайра эле аң сезими жетпеген инсандар тартылып, ошолор кайра эле кайталай бериши мүмкүн экен. Ошентип алдыга койгон узак келечек пландарыбызда – элдин экологиялык аң сезимин көтөрүү десек болот. Анан албетте, аны менен катар илимий иштер, мониторинг, мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү иштери да жүрө берет.
Жакынкы келечекте дагы фото тузактарды алалы деп атабыз. Аны жергиликтүү мамлекеттик кызматкерлер менен биргеликте, алардын жерлеринде кандай жаныбарлардын түрлөрү бар экенин аныктап, аларды сүрөткө тартып, идентификациялоо максаттар менен иштейбиз. Андан сырткары, башка багыттагы иштерди да жасайбыз, мисалы: токойду, сууну коргоо боюнча келечекте акырындап идеялар ишке ашат.»
Жыйынтыктап айтканда…
Уюмдун мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүүчү “Барс” топтору, алдыга коюлган пландарды аткарууда өзүнүн өзгөчөлүктөрүн көрсөтө алды. Тактап айтканда, келечектеги иш-пландарды аткарууда билим берүү мекемелер, экологиялык уюмдар жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте тийиштүү иш алып барылууда. Анын натыйжасында, эффективдүү команда түзүлүп, Кыргызстандын экосистемасын сактоого жана коргоого кызыктар болгон адистер пайда боло баштады. Жыйынтыктап айтканда, эл жаратылышка кам көрүүдөгү биздин иш аракеттерге ыраазычылыктарын айтышып, колдоого алаарлык экенине ынана баштады.