20-21-апрелдерде жааган шөшөрлүү жаандан кийин Кара-Суу районунун ондогон аймактарында сел жүрүп, унаа жолдорун, ички чарбалык жолдорду каптап, үйлөргө, соц.объекттерге суу кирген. Тоолуу айылдарда мал жандыктары агып, туристтер барчу жолдор тосулуп калган.
ӨКМдин Кара-Суу району боюнча бөлүмүнүн башчысы Сүйүн Осмонов кабарлагандай, бүгүнкү күндө сел кирген жерлерде ӨКМдин жана айыл өкмөттөрдүн техникалары иштеп жатат.
«20-21-апрелдерде жааган жаандан улам Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык-Кызыл-Суу жолунун бир нече участкаларын суу каптаган. Ал жерде техникалар иштеп жатат.
Алп-Ордо айылындагы 8 үйдүн короо-сарайларына суу кирген.
Баш-Булак айыл аймагынын Баш-Булак жана Кара-Сөгөт айылдарында да сел жүргөн. Кара-Сөгөт айылынын 2 км ички чарбалык жолун сел алып кеткен. Бул боюнча Баш-Булак айыл аймагынан «Хово», авто жүктөгүч унаалары тартылып, жеринде тазалоо, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
Кара-Суу районунун жарандык коргоо кызматтары толугу менен Баш-Булак айылында иш алып барууда. Мындан сырткары, Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 25 кызматкерлери жеринде иш алып барууда. Бул айылдагы Н. Примбердиев орто мектебинин жана бир балакчанын короосуна да суу кирген. ӨКМдин 25 куткаруучусу учурда турак жайларды тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Айыл өкмөт тарабынан жетишерлик деңгээлде техникалар тартылып, ажатканаларга толуп калган топурак, сууларды сордуруу иштери жүрүп жатат»,- деди ал.
Мады айыл өкмөтүнүн эки айылынын жолу тосулган:
- Лаглан айылындагы жол тосулуп, туристтер өтөт албай калган. Ал жерге Папан айыл өкмөтүнөн бир даана техника тартылып, жол убактылуу ачылган. Бүгүнкү күндө жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө;
- Беш-Мойнок, Асан-Чек, Кыргыз-Чек айылдарындагы 21 үйдүн короо-сарайларына суу кирген. Айыл өкмөттөн техникалар тартылып, жумуштар аткарылууда.
«Жоош айыл өкмөтүнүн Калинин айылындагы үйлөрдүн короолоруна да суу кирген. Ал жерде техниклаар иш алып барууда.
Манас айыл аймагынын Күрөң-Кол айылындагы селден улам, үч уй агып, жарандар бирөөсүн куткарып калган. Экөө агып кеткен. Бүгүнкү күндө жол каттамы бар. Айыл тургундарына зыян тийген эмес»,- деди М. Осмонов.