![Ош шаарында 21 чакырым жол жабылат Ош шаарында 21 чакырым жол жабылат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/438171197_778348207817412_7206304867187343225_n-1024x720.jpg)
12-май күнү саат 08:00дөн 10:30га чейин “Amanat Run” эл аралык чуркоо боюнча жарым марафонуна байланыштуу Ош шаарында марафон өтүүчү жолдордун бир тарабы унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Алар:
-Ленин көчөсү (борбордук аянт) — Б.Нурматов көчөсүнө чейин; — Тилеке-Баатыр көчөсү — Ж.Шамшиев (“Дельфин” бассейни) көчөсүнө чейин; — Сай-Бою көчөсү — С. Супаналиев (А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадион) көчөсүнө чейин;
— Ленин көчөсү (борбордук аянт) — С. Бахапов (Юго-Восток кичи районундагы көпүрө) көчөсүнө чейин; — Н. Исанов көчөсү – А. Шакиров көчөсүнө чейин;
![Ош шаарында 21 чакырым жол жабылат](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/05/441156045_778348191150747_7737554433614215796_n-1024x720.jpg)
-А. Масалиев көчөсү — Р. Абдыкадыров (Домбыта көпүрөсү) көчөсүнө чейин.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу сиздерден убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну жана кыймыл үчүн алдын ала унаа каттамдарын башка багыт боюнча тандап алууну суранабыз.